Меню
Эл-Сөздүк

обыкновение

ср.
адат, өнөкөт;
у него такое обыкновение анын ашондой адаты бар;
по обыкновению адат боюнча;
против обыкновения өнөкөткө каршы.

Обыкновение

ӨНӨКӨТ – мамлекеттердин эларалык мамилелериндеги милдеттүү юридикалык мүнөз таанылбаган жалпы иш-тажырыйбалары. Ушунусу менен Ө. эларалык укуктук каадалардан айырмаланат. Ө-кө эларалык сыпайыкерчилик ченемдери да кирет. Элчилик жана деңиз аземдеринин Ө-ү мисал боло алышат. Келишим ченемдерине же эларалык-укук каадаларына айлантуу аркылуу Ө. эларалык укук ченемдери болуп кала алат. Соода жүгүртүмдөрүндө – аларды үзгүлтүксүз жана бирдей пайдалануудан улам калыптанган жүрүм-турум эрежелери. Каадалардан айырмалуу укук булактары болуп эсептелбейт жана ал Ө. тараптарга белгилүү жана келишимде түздөнтүз жөнөтүү же болжолдонгон шарттар катары чагылдырылган шарттарда гана колдонулат. Алардын (тигил же бул соода тармагында) биркыйла белгилүүлөрү аркыл эларалык уюмдардын, биркатар документтеринде, Эларалык соода палатасы (ЭСП) тарабынан иш-телип чыгылган 1990-жылкы Инкотермс жыйнагында, 1974-жылкы документардык аккредитивдер үчүн Бирдей үлгүдөгү эрежелерде чагылдырылган.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: