Меню
Эл-Сөздүк

Международные преступления

Эларалык кылмыштар

Международные преступления

ЭЛАРАЛЫК КЫЛМЫШТАР – эларалык укуктун ченемдери менен принциптерин адамзат цивилизациясы үчүн өзгөчө коркунучтуу деңгээлде бузуу. Алардын ичинен иш жүзүндө мамлекеттин кылмыштуу саясатын жүзөгө ашырып жаткан кызмат адамынын кылмыштуу жоругу өзгөчө коркунучтуу болуп саналат. Ал кылмыштар үчүн эларалык саясий жана материалдык жоопкерчилик тартуучу булар менен бир катарда, кылмыштуу саясаттын аткаруучулары болушкан мамлекеттин башка жетекчилери, жогорку кызматтагы кишилери жана башкалар анын субъектиси болуп калышат. Э. к-дын тизмеси биринчи жолу 1945-жылы Эларалык аскер трибуналынын (ЭАТ) уставында жана 1946-жылкы ушуга эле окшош Ыраакы Чыгыш боюнча уставда түзүлгөн. ЭАТтын уставынын 6-статьясында алар үч топко: тынчтыкка каршы кылмыш, аскер кылмыштары, адамгерчиликке каршы кылмыштар болуп бөлүнгөн. Аскер кылмышкерлерине жана адамзатка каршы кылмыштарга карата мөөнөттүн эскиргендигин колдонбоо жөнүндөгү 1968-жылкы конвенцияда биринчи жолу адамзатка каршы кылмыш Э. к-дын өзүнчө (төртүнчү) тобуна бөлүнгөн. Эларалык укукта аныкталган эрежелерге ылайык Э. к. үчүн жоопкерчилик мамлекеттердин улуттук кылмыш мыйзамдарында да бышыкталат.

Международные преступления

эл аралык кылмыштар
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Международные преступления

Русский Кыргызский
Международные соглашения Эл аралык келишимдер
Международные конкурсные торги. Эл аралык аламан соодалоо.
Виды экспертизы преступления экологических Экологиялык экспертиза жаатындагы жоопкерчилик белгиленген укук бузуулардын түрлөрү
Международные механизмы защиты прав человека. Адам укуктарын коргоонун эл аралык механизмдери.
Международные обязательства Кыргызской Республики. Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелери.
Международные соглашения в области водных отношений Суу мамилелери жагындагы эл аралык келишимдер
Международные договоры, касающиеся лесных отношений Токой мамилелери жагындагы эл аралык келишимдер
Они заявили, что существует особая преступления спекуляции. Алар алыпсатарлык деген өзгөчө кылмыштын түрүн жарыялашкан.
Международные соглашения, которые гарантируют свободный доступ к информации Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жаатын- дагы эл аралык келишимдер
Международная конвенция о пресечении и наказании преступления апартеида (1973); Апартеид кылмыштарын болтурбоо жана жазалоо боюнча Эл аралык Конвенция (1973);
ведет переговоры и подписывает международные договоры Кыргызской Республики; сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдерине кол коет;
С теперешним, важно рассмотреть международные права и свободы человека обязательства. Бул жерде орун алган өзгөртүүлөр менен адам укугу жана эркиндиктери боюнча эл аралык милдеттенмелерди өлчөп көрүү маанилүү.
Каждый обвиняемый в совершении уголовного преступления не обязан доказывать свою невиновность. Жазык иши боюнча айыпталуучу өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес.
- Ввести международные механизмы защиты прав человека в правоохранительной практике Кыргызстана; - Кыргызстандагы укуктарды колдонуу тажрыйбасына адам укуктарын коргоонун эл аралык механизмдерин киргизүү
Никто не может быть осужден лишь на основе его / ее собственному признанию в совершении преступления. Өзүнүн кылмыш жасагандыгын мойнуна алгандыгынын негизинде гана эчким соттолушу мүмкүн эмес.
Гражданин считается невиновным в совершении преступления, пока не определено виновным по порядку суда в силу. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмү менен күнөөлүү деп табылмайынча жаран жасалган кылмыш үчүн күнөөлүү деп эсептелбейт.
Она вдохновляла и влиять бесчисленные события в области прав человека на местном, национальном, региональном, и международные. Ал адам укугунун жагдайындагы сан жеткис жергиликтүү, улуттук, чөлкөмдүк жана эл аралык окуяларга шык берип, оң таасирин тийгизип келди.
имущество, полученное преступным путем, который является предметом преступления или подлежащего конфискации застрахован по договору; келишимде кылмыштуу жол менен табылган, кылмыш предмети болуп саналган же конфискацияланууга тийиш болгон мүлк камсыздандырылганда;
Дисциплинарные наказания налагаются сразу же после обнаружения какого-либо преступления, но не позднее чем через месяц со дня его обнаружения. Тартип жазасы түздөн-түз жорук аныкталганда, бирок ал аныкталган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен колдонулат.
Смертная казнь может устанавливаться законом и выноситься только в судебном порядке, как исключительной меры наказания за особо тяжкие преступления. Өлүм жазасы өтө оор кылмыш үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары мыйзам тарабынан белгилениши жана сот тарабынан гана берилиши мүмкүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: