Меню
Эл-Сөздүк

Континентальный шельф

Континенттик шельф

Континентальный шельф

КОНТИНЕНТТИК ШЕЛЬФ – жээгиндеги мамлекеттер анын табигый кен-байлыктарын чалгындоо жана иштетүү максатында эгемен укукту ишке ашырып жаткан, белгилүү кеңдиктеги, аймактык сууларга чектеш деңиз түбүнүн (кен-байлыктары менен кошо) району. К. ш-тин тышкы чеги континенттик материктин суу жээгинин сырткы чеги же материктин тышкы суу алдындагы чегарасы ушунчага созулбаса, жээктен 200 деңиз миль алыс аралыктан өтөт. К. ш-тин тышкы чегарасы баардык учурларда жээктен 350 деңиз милинен алыс эмес же 2500 метрлик изобаттан 100 деңиз милинен ыраак жайгашуусу керек. Жээктеги мамлекеттин К. ш-ке укугу анын суусуна жана анын үстүндөгү аба мейкиндигине да тийиштүү. Бул укуктарды ишке ашырууда жээктеш мамлекеттер 1982-жылкы деңиз укугу боюнча БУУнун Конвенциясында каралган башка укуктарды жана эркиндиктерди бузбоосу керек. Баардык мамлекеттер Конвенциянын жоболоруна ылайык К. ш-ке суу алдына кабель жана түтүктөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Континентальный шельф

Русский Кыргызский
Включает: 1) воздушное пространство; 2) территориальные воды; 3)весь континентальный шельф в международных водах, в отношении которого страна пользуется исключительными правами или на которые распространяется — либо она утверждает, что распространяется, — ее юрисдикция в отношении прав на использование природных ресурсов, например, на ловлю рыбы, добычу минерального сырья или топлива; 4) четко выделенные территориальные анклавы, расположенные в остальных странах мира и созданные в рамках официальных соглашений с правительствами тех стран, на территории которых такие анклавы фактически расположены. Төмөнкүлөрдү өзүндө камтыйт: 1) аба мейкиндиги; 2) аймактык суулар; 3) эл аралык суулардагы бүткүл континенталдык шельф, ага карата өлкө же жаратылыш ресурстарын пайдаланууга, мисалы, балык уулоого, минералдык сырьёну же отунду өндүрүү укуктарына карата анын юрисдикциясы жайылтыла тургандыгын беките турган өзгөчө укуктардан пайдаланат; 4) так бөлүнгөн аймактык анклавдар, дүйнөнүн калган өлкөлөрүндө жайгашкан жана аймагында мындай анклавдар дээрлик жайгаштырылган өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен расмий келишимдердин алкагында түзүлгөн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: