Меню
Эл-Сөздүк

Испытательный срок

Сыноо мөөнөтү

Испытательный срок

СЫНОО МӨӨНӨТҮ – КР эмгек укугунда жалдоочунун жумушчунун ишкер сапатын текшере турган, ал эми жумушчу өзү иштей турган жердеги эмгек шарты жана чогуу иштей турган эмгек жамааты менен тааныша турган мезгил аралыгы. Сыноо мезгилинин аралыгында жумушчуга карата эмгек жөнүндөгү мыйзамдар, ошондой эле ошол ишканада, мекемеде же уюмда түзүлгөн жамааттык келишим колдонулат. Эгер мыйзам тарабынан башка шарттар каралбаса, С. м. 3 айдан ашык созулбайт. Ага иштөөгө убактылуу жараксыз болгон жана жумушчу белгилүү себептер менен жумушка чыкпаган күндөр буга кошулбайт. С. м-нүн шарттары эмгек келишиминде, жумушка алуу жөнүндөгү буйрукта (тескемеде) көрсөтүлүүгө тийиш. Эгер мындай шарттар көрсөтүлбөсө, С. м-сүз эле ишке кабыл алынган болуп эсептелет. Жумушка кабыл алууда С. м. төмөнкүлөргө белгиленбейт: 18 жашка тололек балдарга; кесипчилик окуу жайын бүтүргөндөргө; ал адамга арналган жерге калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жиберилген майыптарга; боюнда бар жана 3 жашка тололек баласы бар аялдарга. Башка уюмга, башка ишке которулган адамдарга карата да С. м. колдонулбайт.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Испытательный срок

Русский Кыргызский
срок деген атоо
Срок охраны. Коргоо мөөнөтү.
крайний срок эң акыркы мөөнөт
месячный срок айлуу
Срок годности: Жарамдуулук мөөнөтү:
Неограниченный срок. Чектелбеген мөөнөт.
Срок подачи тендерных Тендердик табыштамаларды берүүнүн мөөнөттөрү
Срок действия патента из Патенттин күч-аракетинин мөөнөтү
Срок действия Конвенции. Конвенциянын аракеттенүү мөөнөтү.
место и срок открытия торгов. тендердик табыштамаларды ачуучу жер жана мөөнөттөрү.
Срок действия товарного знака Товардык белгини каттоонун аракеттенүү мөөнөтү
Срок действия авторского права Автордук укуктун колдонулуш мөөнөтү
Порядок и срок подачи декларации Декларацияны берүүнүн тартиби жана мөөнөтү
Срок аренды участка лесного фонда Токой фондусунун участокторун ижаралоо мөөнөттөрү
Срок действия исключительного права Интеллектуалдык менчиктин объектилерине өзгөчө укуктун колдонулуш мөөнөтү
Назначения на срок менее трех месяцев; тапшырманын узактыгы үч айдан азыраак болсо;
Окончательный срок подачи предложений; сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү;
Срок подачи первоначальные предложения Баштапкы табыштамаларды берүүнүн меөнөттөрү
Торопитесь! Срок действия акции ограничен. Шашылыңыз! Акциянын аракет мөөнөтү чектелген.
Срок, пределы переизбрания, правила выборов. Мөөнөтү, кайра шайлоо чектери, шайлоо эрежелери.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: