Меню
Эл-Сөздүк

город

м.
шаар;
главный город борбор шаар;
областной город областтык шаар;
поехать в город шаарга баруу;
выехать за город шаардын сыртына чыгуу;
за городом шаардын сыртында.

Город

ШААР – жашоочулары, эреже катары, айыл чарбасынан тыш чөйрөдө алектенишкен калктуу конуш. КРде төмөнкүдөй Ш. айырмаланат: республикалык, облустук, райондук баш ийүүдөгү шаарлар. Республикалык баш ийүүдөгү Ш. категориясына калкынын саны 300 миң адамдан кем болбогон, өнүккөн өнөржайга жана шаар чарбасынын баардык бөлүмдөрүнүн инфратүзүмүнө ээ жана республикалык маанидеги экономикалык жана маданий борбор болгон, жетекчиликти түздөнтүз КР республикалык бийлик органдары ишке ашыруу максатка ылайык келген калктуу конуштар кириши мүмкүн. Облустук баш ийүүдөгү Ш. категориясына калкынын саны 30 миң адамдан кем болбогон, өнөржайлык жана транспорттук түйүн же борбор болгон, кыйла өнүккөн коммуналдык чарбага ээ жана өнүккөн экономикалык жана маданий борбор болгон калктуу конуштар кириши мүмкүн. Райондук баш ийүүдөгү Ш. категориясына өнөржай ишканалары, коммуналдык чарбасы, окуу, маданий-агартуу, дарылоо жана соода мекемелеринин өнүккөн тармагы бар, калкынын саны 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуштар кириши мүмкүн.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Город

Русский Кыргызский
Город или поселок Границы Шаардын (шаарчанын) чеги
Город (поселок) границы устанавливается и изменяется органом, утверждающим генеральный план строительства поселений проекта. Шаардын (шаарчанын) чеги калктуу конуштарды куруу долбоорунун башкы планын бекиткен орган тарабынан белгиленет жана өзгөртүлөт.

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: