Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

вина

ж.
1. (проступок) айып, күнөө;
признать свою вину өз күнөөсүн мойнуна алуу;
загладить свою вину өз айыбын жуу;
поставить кому-л. в вину бирөөгө айып коюу;
2. (причина) себеп, себепкер, кесир;
по чьей-л. вине бирөөнүн кесири менен.

Вина

КҮНӨӨ (АЙЫП) – кылмыш-жаза укугунда адамдын өзүнүн укукка каршы кылыгына (аракетине жана аракетсиздигине) жана анын натыйжаларына карай маанай мамилеси. Адамдын өзүнүн жүрүм-турумунун обу жоктугун (укукка каршылыгын) жана ага байланышкан жыйынтыктардын туура эместигин моюнга алуусун (түшүнүүсүн) билдирет. Юридикалык жоопкерчиликтин зарыл шарты. К. адамдын мыйзамда белгиленген кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуу курагына жеткени жана акыл-эси жайында болгону өбөлгө болот. Жарандык укукта К. – жарандык укук бузгандыгы үчүн жоопкерчилик шарттары: келишимдик же башка милдеттенмелерди орундабай, болбосо ойдогудай аткарбай коюу, мыйзамсыз келишим түзүү, мүлктүк зыян келтирүү ж. б. Жарандык укукту бузган адамдын күнөөсү болжолдонот; ал жоопкерчиликтен кутулушу үчүн өзүнүн күнөөсү жоктугун далилдөөгө тийиш. Айрым убактарда К. (м.: эгер зыян өзгөчө коркунучтуу жагдайдан улам тартылса) сөзсүз жоопко тартууга негиз боло бербейт. К. таризи адатта жарандык-укуктук жоопкерчиликтин көлөмүнө таасир этпейт. Эларалык укукта К. катары укук бузуу субъектиси тарабынан жасалганы аныкталган, анын эларалык-укуктук жоопкерчилигин жараткан факты түшүнүлөт.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: