Найдены по другим направлениям
-
Авторитаризм
-
АВТОРИТАРИЗМ (ЖЕКЕ БИЙЛИК) (лат. autoritas – бийлик) – саясий бийлик тартибинин бир түрү (демократия , тоталитаризм сыяктуу эле). Кандайдыр бир даражада жарандардын саясий эркиндигин, баарыдан мурда оппозициячыл уюмдар менен басма сөздүн эркин иш-аракетин чектеген, негизги, баардык десек да болот, мамлекеттик бийлик тизгини бир колго (президент, монарх, премьер-министр), же төбөлдөр тобуна топтогон түзүлүш. Шайлоолор менен жалпы элдик добуш берүүлөр өкмөт көзөмөлү астында өтөт жана көпчүлүк учурда шарттуу түрдө, же будамайлоо жолу аркылуу жүргүзүлөт. Бийлик жол-жобосу менен коомдук-саясий карым-катнаштардын мүнөзү баш мыйзам ченемдерине да, жөн мыйзам ченемдерине да дал келбейт, же алар демократиялык нугунан тайганына карабастан өзгөртүлө берет. Мүнөзүнө жараша жеке бийлик тартибинин ченемдүү бийликтен тартып (м.: Франциядагы 1958–1969-жылдар аралыгындагы де Голлдун тартиби) кызылкамчы бийликке чейинки (аскердик, аскердик-полицейлик) аргандай түрлөрү кездешет. Бирок, кандай А-дин тушунда болбосун, өкмөт коомдун баардык катмарын толук көзөмөлдөй албайт. Анын тоталитаризмден айырмасы ушунда.
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Авторитаризм