Menü
Эл-Сөздүк

Яйца

(цит.) жумурткалар; көпчүлүк айбандардын, жандыктардын энелик клеткалары, булардан жандыктардын болочоктогу балдары жаралат. Я. амикстические — амикстик жумурткалар, бурмаке жандыктарынын партеногенез жолу менен көбөйгөндө жаралган ургаачыларынын жумурткалары, булар тукум бере албайт; я. гаплоидные — гаплоиддик жумурткалар, жалгыз тизмек хромосомалары бар жумурткалар; я. диплоидные — диплоиддик жумурткалар, кош тизмек хромосомалары бар жумурткалар; я. зимние — кышкы жумурткалар, кээ бир жандыктардын кыштап чыккандан кийин гана тукум берүүчү жумурткалары; я. микстические — микстик жумурткалар, бурмаке жандыктарынын партеногенез жолу менен көбөйгөндө эркек жаратчу ургаачыларынын жумурткалары; я. мозаичные — кооз жумурткалар, сырты ар кандай боёкко боёлгон жумурткалар; я. непигментированные — боёлбогон жумурткалар, сыртында эч кандай боёк жок бир түстүү жумурткалар; я. партеногенетические — партеногенездик жумурткалар, бурмаке жандыктарынын партеногенез жол менен жаралган ургаачыларынын жумурткалары; я. Покоящиеся -к. я. зимние; я. регулятивные — регулятивдүү жумурткалар.
Перевести через онлайн Переводчик

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: