Menü
Эл-Сөздүк

Ноу-хау

СЫРБИЛГИ – техникалык же дагы башка маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон билим, тажырыйба жана өндүрүш сырлары. С-ге кире турган маалыматтар кандайдыр бир мамлекеттик органдар тарабынан каттоого жана коргоого (м.: патент, күбөлүк ж. б.) алынбайт. КР жарандык мыйзамдарында С. деген аталгы колдонулбайт, ошондуктан аны коргоону камсыз кылуу үчүн жарандык мыйзамдын жалпы жоболору (карасанатай атаандаштыктан коргоого багытталган кызматтык жана коммерциялык сыр жөнүндөгү ченем, келишимдик жана деликтик укук ченемдери, кылмыш белгилери бар болсо, жазык-укуктук ченеми) пайдаланылат.
Перевести через онлайн Переводчик

Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: