Меню
Эл-Сөздүк

Охотничьи угодья

Аңчылык жайыттары

Охотничьи угодья

АҢЧЫЛЫК ЖАЙЫТТАРЫ – КР мыйзамдары боюнча, жапайы жаныбарлар менен куштардын жашоо-тиричилиги үчүн кызмат кылып, аңчылык чарбачылыгын жүргүзүүгө пайдаланыла турган баардык талаа, токой, суу, тоо аймактары. А. ж. төмөнкүдөй болуп бөлүнөт: а) аңчылык чарбачылыгын жүргүзүү максатында белгилүү бир уюмга бекитилип берилип, ал уюмдар тарабынан берилген гана жолдомолор аркылуу аңчылык жүргүзүлө турган жайыттар; б)кандайдыр бир уюмга бекитилип берилбестен, мамлекеттик аңчылык коруна киргизилүү менен, жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик органдар тарабынан берилген жолдомонун негизинде аңчылык кылына турган жайыттар; в) мамлекеттик органдын улуксаты менен илимий, маданий, чарбачылык максатта аңчылык кылынып, башка багыттагы аңчылык (элкин жайлар, жапайы жаныбарлардын башын көбөйтүүгө арналган жерлер, коруктар, ж. б. өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймактары) үчүн жабык жайыттар.
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Охотничьи угодья

Русский Кыргызский
Ведение охотничьего хозяйства и использование охотничьих должны быть недопустимо без учета находящихся охотничьи. Аңчылыкты күтүү иштерин жүргүзбөй туруп, аңчылык чарбасын жүргүзүүгө жана аңчылыкты пайдаланууга тыюу салынат.
Оружие, пиротехнические изделия, охотничьи принадлежности и рыболовные снасти для уничтожения насекомых-вредителей. Курал-жабдыктар, пиротехникалык буюмдар, мергенчилик жана балык улоо үчүн шаймандар, зыянкеч-курт-кумурскаларды жок кылуу үчүн түзүлүштөр.
Охотничьи угодья являются земельные и лесные участки, горные районы, водохранилищ и болот, которые могут быть местом обитания диких видов жизни, независимо от формы собственности этих областях. Аңчылык жерлери - жапайы айбандар жашаган же жашай ала турган бардык жерлер жана токой аймактары, тоо массивдери, суу мейкиндиктери жана саздар, ал аймактардын кимге таандык экендигине карабастан аңчылык жерлери катары таанылат.
Для этой же цели, они могут арендовать охотничьи угодья, расположенные на землях лесного фонда организаций и международных объединений и организаций с участием иностранных юридических и физических лиц. Бул максатта алар уюмдарга, чет өлкөлүк юридикалык жактар катышкан эл аралык бирикмелерге жана уюмдарга жана жарандарга токой фондусунун жерлеринде жайгашкан аңчылык жерлерин ижарлоо укугу менен бере алышат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: