Меню
Эл-Сөздүк

Смежные права

АРАЛАШ УКУКТАР – автордук укуктардан келип чыгуучу, бирок алар менен толук дал келбеген өзгөчө укуктардын бир түрү. А. у.: автордун чыгармасын аткаруучулардыкы, фонограмма чыгаруучулардыкы, уктуруучулардыкы (көрсөтүүчүлөрдүкү) болуп айырмаланат. А. у-дын негизги мазмуну үчүнчү жактар тарабынан үндөктөрдү, радио- жана телепрограммаларды, ошондой эле аткаруучулардын чыгармачылык үзүрлөрүн пайдалануу үчүн тийиштүү А. у-дын субъекттеринин (ээлеринин) макулдугу талап кылынгандыгына барып такалат. Артистин жана теле жана радио берүүнү жүргүзүүчү уюмдун А. у-ы. алгач ирет аткарган (койгон) учурдан тартып пайда болот. Бул укук ал келип чыккандан кийинки жылдын 1-январынан тартып 50 жылдан кийин токтолот (өз ысымынын сакталышына жана аткарылышты же коюлушту аргандай бурмалоодон жана кол салуулардан коргоого укуктуулук гана мөөнөтсүз аракетте болот). Үндөк чыгаруучунун укугу ал жарыягандан тартып, эгерде бул мөөнөт ичинде ал жарыяланбаса 50 жыл боюу аракетте болот. Аткаруучуларга, үндөк чыгаруучуларга, оболук жана кабелдик теле жана радио уюмдарга берилүүчү өзгөчө укуктар айрым учурларда чектелүүсү мүмкүн. М.: аткаруучунун макулдугусуз жана ага сыйакы төлөбөстөн эле аткарылыштан үзүндүлөр күнүмдүк окуялардын баяндамасына киргизилүүсү мүмкүн. А. у-дын субъектилери үчүн мыйзамда каралган өзгөчө укуктар тийиштүү келишимдер боюнча башка жактарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Перевести через онлайн Переводчик

Котормолордун мисалдары: Смежные права

Орусча Кыргызча
Вещные права Буюм укуктары
смежные права Эриш-аркак укуктар
Субъекты права Укук субъекттери
Субъектов права Укук субъекттери
приобретать права Укуктарды алуу
Все права защищены. Бардык укуктар сакталды.
Права Кыргызпатента Кыргызпатенттин укуктары
Ислам и права человека Ислам жана адам укуктары
Права и льготы авторов Авторлордун укуктары жана жеңилдиктери
Права патентообладателя Патент ээсинин укугу
Права и свободы человека Адам укуктары жана эркиндиктери.
Права и свободы человека Адамдын укуктары жана эркиндиктери
Планировка права на патент Патент укугун тескөө
Права на коллективный знак Жамааттык белгиге карата укуктар
Наследование права супруга Мурастоодогу жубайдын укуктары
права патентный поверенный Патенттик ишенимдүү өкүлдүн укуктары
Права Омбудсмен (Акыйкатчы) Омбудсмендин (Акыйкатчынын) укуктары
права и обязанности сторон; тараптардын укуктарын жана милдеттерин;
Права артистов-исполнителей Аткаруучунун укугу
Личные неимущественные права Мүлктүк эмес жеке укуктар.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: