Menu
Эл-Сөздүк

Сиф

СИФ – эларалык соода аталгысы. Англис тилиндеги: Cost (нарк), Insurance (камсыздандыруу), Freight (киреакы) деген сөздөрдүн биринчи тамгаларынан турат. СИФ бүтүмүнүн шарттарын (товардын, камсыздандыруунун, кире жалдоо наркын) эске алуу менен, товардын сатуучусу ушул шарттарга ылайык жүктү жөнөтүүчү суубекетине жеткизүүгө, аны кеменин бортуна жүктөөгө, тонна түрүндө кире жалдоого жана киреакы төлөөгө, жүктү ташып сатып алуучуга тапшырганга чейинки мезгилдеги деңиз тобокелчиликтеринен камсыздандырууга милдеттүү. СИФ бүтүмдөрүнүн айырмалуу өзгөчөлүгү мында: сатып алуучуга товардын өзүн тапшыруу талап кылынбайт, болгону бүтүмдө каралган товар тескөөчүнүн баардык документтерди өткөрүп берүүсү жетиштүү. Бул документтерге ээ болуу менен, сатып алуучу товарды алганга чейин эле тескөөгө, сатып өткөрүүгө жана ушул аркылуу каражаттарды жүгүртүүнү тездетүүгө мүмкүндүк алат.
Перевести через онлайн Переводчик

So following similar words is found:
strtoupper(RU)


Found words in another language:

KG


Found similar words in another language:

KG
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: