Menu
Эл-Сөздүк

Риск случайной гибели (имущества)

Кокустуктан улам талкалануу тобокели (мүлктүн)

Риск случайной гибели (имущества)

КОКУСТУКТАН УЛАМ ТАЛКАЛАНУУ ТОБОКЕЛИ (мүлктүн) – милдеттенме алган тараптардан көз карандысыз (күтүүсүз окуя, жеңгис күч) мүлктүн талкалануу же бүлүнүүсүнө байланыштуу мүмкүн болгон чыгым тартуу тобокели. Жарандык укук боюнча, менчик укугу (ыкчам башкаруу укугу) өткөн маалды аныктоо менен байланышып, менчик ээси тарабынан ажыратылган буюмдун (чыгымдын) кокустуктан улам талкаланышынын (бүлүнүшүнүн) жагымсыз кесепетинин кимге жүктөлө тургандыгына барып такала тургандыгы жөнүндөгү маселени чечүү. Эгер келишимде башкача каралбаса, менчик укугунун пайда болушу менен бирге эле, К. у. т. т. сатып алуучуга өтөт. Ошондон улам, жалпы эреже боюнча буюмдун талкаланышына же бүлүнүшүнө байланыштуу чыгымды анын ээси көтөрөт, бирок тараптар өз келишиминде башкача тартипти белгилеши мүмкүн, м.: К. у. т. т. анын наркы төлөнгөндөн тартып сатып алуучуга өтөт. Бирок, эгерде ажыратуучу кабыл алуунун мөөнөтүн узартып жиберсе, ал мөөнөтүн узарткан тарап катары К. у. т. т-н тартат. Аткаруу келишими жөнүндө эрежелерде аткаруучунун тобокелдик принциби белгиленген. Ушуга ылайык, тараптарга тийешеси жок кокустуктан улам жалданып аткаруу иши токтоп калса же ишти бүткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, аткаруучу сыйакы берүүнү, чыгым ордун толтурууну тапшырык ээсинен талап кыла албайт, ал эми тапшырылган иш кокусунан начарлап калса же кармалып калса, ал тапшырык ээсинин тарткан чыгымын төлөп берүүгө тийиш.

Риск случайной гибели (имущества)

кокус жок болуу (мүлктүн) тобокелдиги
Перевести через онлайн Переводчик

Examples of translations: Риск случайной гибели (имущества)

Russian Kyrghyz
Местонахождение имущества; объекттин орду
Границы недвижимого имущества Кыймылсыз мүлктүн чектери
Договор страхования имущества Мүлктүк камсыздандыруу келишими
оценочная стоимость имущества; объекттердин бааланган наркы;
Границы единиц недвижимого имущества Кыймылсыз мүлк бирдиктеринин чектери
Техническое обслуживание общего имущества Жалпы мүлктү күтүү
Ипотека или залог муниципального имущества. Муниципалдык менчикти ипотекага берүү же күрөөгө коюу.
Цена за продажу имущества путем комиссионера Комиссионер тарабынан сатылуучу мүлктүн наркы
Оспаривание из страховой стоимости имущества Мүлктүн камсыздандыруу наркын талашуу
Риск повреждения общего имущества Партнерства Шериктиктин жалпы мүлкүнө зыян келтирүү тобокели
Подряд на содержание муниципального имущества. Мүлккө муниципалдык менчикти күтүүгө келишим түзүү.
Страхование имущества от различных страховых рисков Ар кандай камыздандыруу тобокелдеринен мүлктү камсыздандыруу
Уступка прав застрахованного имущества к другому лицу Камсыздандырылган мүлккө укук башка жакка өтүшү
Присоединение и деления единицы недвижимого имущества Кыймылсыз мүлк бирдиктерин бириктирүү жана ажыратуу
Идентификационные номера единиц недвижимого имущества Кыймылсыз мүлк бирдигинин идентификациялоо номуру
Владелец не вправе отчуждать эту часть общего имущества. Менчик ээси жалпы мүлктүн бул бөлүгүн ээликтен ажыратууга укуксуз.
Наследование имущества в общей совместной собственности Жалпы биргелешкен менчик болуп саналган мүлктү мурастоо
Прогноз средств от приватизации муниципального имущества; муниципалдык менчикти менчиктештирүүдөн каражаттардын түшүү божомолу;
Каждая сторона несет риск понесенных убытков в таком случае. Мындай болгон учурда ар бир тарап ага келтирилген зыянды өздөрү тартышат.
(12) изменение ограничений для использования общего имущества; (12) жалпы мүлктү пайдаланууга чек коюуларды киргизүү;

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: