Меню
Эл-Сөздүк

Өтө зарылчылык (аргасыздык)

ӨТӨ ЗАРЫЛЧЫЛЫК (Аргасыздык) – кылмыш-жаза укугунда кылмыш жосунун жокко чыгара турган жагдайлардын бири. Ө. з-тан улам укук коргоо кызыкчылыгы үчүн залал келтирилген болсо, т. а. эгер ал ошол адамдын же дагы башка жактын кертбашына жана укугуна, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына карата келтирилген коркунучту жоюу үчүн ошол жагдайда андан башка каражаттарды колдонуу мүмкүн болбосо жана келтирилген коркунучка караганда келтирилген залалдын зыяны азыраак болсо, ал аракет кылмыш болуп эсептелбейт. Ө. з. эрежеси администрациятивдик жоопкерчиликке карата да колдонулат. КР жарандык укугунда Ө. з. түшүнүгү кылмыш-жаза жана административдик укуктар менен иш жүзүндө дал келет. Бирок, жалпы тартип боюнча, Ө. з-тын болушу келтирилген зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилигинен бошотпойт. Ошол эле учурда, сот мындай зыяндын келип чыгуу жагдайын эске алуу менен зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилигин кызыкчылыгы үчүн зыян келтирилген үчүнчү жакка оодарышы мүмкүн, же болбосо, зыян келтирген жакты да, үчүнчү жакты да зыяндын ордун толтуруу жоопкерчилигинен толук же жарым-жартылай бошотушу мүмкүн.

Өтө зарылчылык (аргасыздык)

Крайняя необходимость

Примеры переводов: Өтө зарылчылык (аргасыздык)

Кыргызский Русский
Зарылчылык туулса, сатып алуучу уюм сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн узарта алат. При необходимости, закупающая организация может продлить крайний срок подачи предложений.
Маркс айткандай: “ - табигый зарылчылык, муктаждык жана жеке кызыкчылыктар, өзүнүн жеке менчигинин жана Мен деген өзүмчүл сезимдин сакталышы”. Маркс утверждал, 'является естественной необходимостью, потребностью и частный интерес, сохранение их собственности и их эгоистических себя.
Кыргызпатент белгилеген тартипте өтүнмөдө мамлекеттик купуя сырды камтыган маалыматтардын бар-жогу текшерилгенден кийин, зарылчылык келип чыккан учурларда, өнөр жай менчигинин объектисин чет мамлекеттерде белгиленген мөөнөттөн мурда патенттөөгө жол берили В необходимых случаях, Кыргызпатент может разрешить патентование объектов промышленной собственности в зарубежных странах ранее, чем указанный срок, после экспертизы заявки на наличие информации, которая представляет государственной тайны имеет б
Мамлекеттик башкаруу органдарынын контролдугу астында турган финансылык эмес же финансылык ишкана катары аныкталат. Мында ишканага контролдук шайлоо жолу аркылуу, ал эми зарылчылык келип чыкса, тиешелүү директорлорду дайындоо менен ишкананын жалпы саясатын белгилөө жөндөмдүүлүгү катары аныкталат. Определяется как нефинансовое или финансовое предприятие, которое находится под контролем со стороны органов государственного управления, при этом контроль над предприятием определяется как способность устанавливать общую политику предприятия путем выбора, при необходимости, соответствующих директоров.
Система тарабынан генерирленген жана алар системада алгачкы каттоодон өтүү учурунда ыйгарылган электрондук капчык эсебинин уникалдуу номери. Электрондук капчыктын идентификациялык номери аркылуу анын ээси электрондук акчасы боюнча акча каражаттарынын жылышы жана капчыктагы калдык акча каражаттары жөнүндө маалымат алуу, ошондой эле зарылчылык келип чыккан учурда капчыкты блокировкалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Уникальный номер счета электронного кошелька, который генерируется системой и присваивается при их первоначальной регистрации в системе. По идентификационному номеру электронного кошелька держатель имеет возможность получить информацию о движении денежных средств по его электронным деньгам и остатке в его кошельке, а также производить блокировку кошелька в случае необходимости.

Примеры переводов: Өтө зарылчылык (аргасыздык)

Кыргызский Английский
Зарылчылык туулса, сатып алуучу уюм сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн узарта алат. If necessary, the procuring entity shall extend the deadline for submission of proposals.
Маркс айткандай: “ - табигый зарылчылык, муктаждык жана жеке кызыкчылыктар, өзүнүн жеке менчигинин жана Мен деген өзүмчүл сезимдин сакталышы”. Marx argued, ‘is natural necessity, need and private interest, the preservation of their property and their egoistic selves.
Кыргызпатент белгилеген тартипте өтүнмөдө мамлекеттик купуя сырды камтыган маалыматтардын бар-жогу текшерилгенден кийин, зарылчылык келип чыккан учурларда, өнөр жай менчигинин объектисин чет мамлекеттерде белгиленген мөөнөттөн мурда патенттөөгө жол берили In the necessary cases, Kyrgyzpatent may allow patenting of the objects of industrial property in foreign countries earlier than the indicated term, after the examination of an application for the presence of information which is of the state secret has b
Мамлекеттик башкаруу органдарынын контролдугу астында турган финансылык эмес же финансылык ишкана катары аныкталат. Мында ишканага контролдук шайлоо жолу аркылуу, ал эми зарылчылык келип чыкса, тиешелүү директорлорду дайындоо менен ишкананын жалпы саясатын белгилөө жөндөмдүүлүгү катары аныкталат.
Система тарабынан генерирленген жана алар системада алгачкы каттоодон өтүү учурунда ыйгарылган электрондук капчык эсебинин уникалдуу номери. Электрондук капчыктын идентификациялык номери аркылуу анын ээси электрондук акчасы боюнча акча каражаттарынын жылышы жана капчыктагы калдык акча каражаттары жөнүндө маалымат алуу, ошондой эле зарылчылык келип чыккан учурда капчыкты блокировкалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: