шөкүлө |
богато украшенная конусообразная шапка молодой женщины. |
ШӨКҮЛӨ |
Мында шурулар арбын колдонулат. Бул желбирөөчкө, тумарчага, жаак мончокко, чач учтукка өткөрүлөт. Ал элечектин тартмасындай ушул шөкүлөгө бөтөнчө азем берет. Шөкүлө — салттуу баш кийим. Ал салт боюнча кийинки сиңдилерине сакталат. Демек, кыз турмуштанган жерине кийип барып үч-төрт күндөн кийин шөкүлөнү кайра берип жиберет. Бул баш кийим боз үйдө текчеде (секичек, текичек) турган, же болбосо сандыкта сакталат. 286 – 303 беттер китептин өзүндө жок. соодо жүндү тытып, аны жууп, анан чийге чабактап, айтор, мында эски ыкмалар сакталат. Жалаң кийизге «ыскыт» басуу — албетте, татаал көрүнүш. Ал эми андагы беш-алты өңдү өз ара кыйыштыруу аркылуу көркөм оюмду сары саптоо андан бетер чыгармачылыкты талап кылат. Чынында, шырдамал үчүн негизги үлгүнүн ата конушу Чаткал, Аксы, Ала-Бука, Жаңы-Жол тарапта айыл ичинде кара кийиздин өзүн эле төө жүнүнүн жиби менен шыруу адатка айланган. Мына ошону көрүп, чеберлер ага түрдүү түстөгү «ыскытты» түшүрүп, аны шырдамалга айландырып, өзүнчө уздук нук таап, чыгармачылыкта өнүктүрүп жатканы даана көрүнүп турат. Эгер шырдамалдын четине «кош кайкалак оюму» түшсө, андан кийин эндей кийиздин өзүнө баскан «бадам», «ит куйрук», «араа тиш» оюмдарынан кийин келген буюм ортолугуна төрт «табак оюмдун» тегереги «ит куйрук» менен курчалат. Ошондон негизги «табак оюм», төрт бөлүктөн да, анын ар биринде «кош мүйүз», «кочкор мүйүз» оюмдарынын элементтери айкалышат. Мында ыскыттын боегу сары-карадан, же кара-актан, кызыл-карадан болушу даана узчулукту далилдейт. Шырдамалдын четтиги үчүн кийиздин «жагалмай канат оюму» берилип, ортосуна «эндей ыскыт» басылган буюмдары да көп жолугат. Натыйжада, уздар шырдамалдык ыскыт жипти үч кабаттап чыйратып туруп боеп алат. Мында боекту да ич ара бөлүп пайдаланат. Адатта, кара кийизге кызыл (ток кызыл — коюу кызыл), бышты (күлгүн кызыл — ачык кызыл), сары (ток сары — кою сары, ачык сары), көк (ток көк — коюу көк), көк (ачык көк), жашыл өңдөр тандалат. Боелгон жип келеби боюнча кургатылат да, тоголок түрүлөт. Аны «бир сүрп» (бир тоголок), эки сүрп (эки тоголок) деп коюшат. Эми муну кийиз бетине басыш үчүн койдун күзгү жүнүнөн (илгери төөнүн жүнүнөн) ийрип, чуу жип (чууда жип) кылып алат. Албетте, шырдамалдык кийиз эки кат болот. Демек, биринчи бети тандалма кара жүндөн уютулат. Ал эми экинчи каты кийиз сырткы кабатта калат да, ал ар кандай өңдө боло берет. Жээктик жип бирөө оңго, бирөө солго чыйратылганда таңдай болуп түшөт. Шырдамалдын четине «кош мүйүз оюму» (үч элидей) берилет да, анан «суу» түшөт. (Суу — оюм-көчөттөрдүн араларын ажыратуу.) Ыскыттын боегу өзүнчө өңдү берип турат. Ал ортолук оюм менен четтик оюмду бөлүп көрсөтөт. «Четтик оюмга» «чоң чеке» деген оюм мүнөздүү болот (бул шырдакка да түшөт). Ортолук оюмдун араларында өзүнчө «суу» (аламыч) бар. Ал алты элидей өңдүүлүктө келип «кош мүйүз» менен «ит куйрук» оюмдарынын элементтеринен турат да, көбүнчө сары өңдө берилсе, оюмдун жүзүн ого бетер ачат. Уздар көлөмдүү шырдамал жасашса, ортолук оюму үч тактадан болуп, аны «табак оюм» дейт. Үч тактанын ар биринде ич ара алтыдан ички оюм бөлүнүп чыгат. Аны «алты оюм» деп айтат. Ал гүлгө сымалдангандан «гүл оюм» десе да болот. Анда ар бир тактаны бөлүп турган «салмочка» (чагаракталган мүйүз оюмдардын элементи бар. |
шөкүлө |
Добавлен пользователем Kunduzai |
шөкүлө |
|
шөкүлө |
|
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | шөкүлө |
Множ. число | шөкүлөлөр |
Склонение по падежам - "шөкүлө"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | шөкүлө |
Родительный Чей? | шөкүлөнүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | шөкүлөгө |
Винительный Кого?, Что? | шөкүлөнү |
Местный Где?, У кого? | шөкүлөдө |
Исходный Где?, У кого? | шөкүлөдөн |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | шөкүлөлөр |
Родительный Чьи? | шөкүлөлөрдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | шөкүлөлөргө |
Винительный Кого?, Что? | шөкүлөлөрдү |
Местный Где?, У кого? | шөкүлөлөрдө |
Исходный Откуда?, От кого? | шөкүлөлөрдөн |
Хотите добавить свой перевод для слово: "шөкүлө"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
шөкүлө