Меню
Эл-Сөздүк

чымыра-

1. (о мурашках по телу) бегать;
буту уктап, чымырап чыкты по его ноге мурашки бегают (он отсидел ногу);
2. слегка покрываться мелкой травкой; слегка покрываться маленькими пузырьками;
жер өзгөрүп, чымырап, чексиз нурга балкыды стих. земля изменилась, ожила, от лучей (солнца) разомлела;
көк чымырап, ак чыгар күкүк талга конгондо стих. трава поднимается, молоко появляется, когда кукушка на дерево садится (т.е. когда прилетают кукушки);
жер бетине жаңыдан гана көк чымырап чыга баштаган на поверхности земли только-только начала появляться зелень;
чымырай баштаган казан котёл, начинающий кипеть (когда вода в нём покрывается мелкими пузырьками);
бети чымырабай без зазрения совести;
бети кенедей чымырап койбойт он ничуть не стыдится; он бессовестный;
бети чымырабастан, акмын дейт он без зазрения совести говорит, что невиновен;
буга кимдин бети чымырар экен? кому за это должно быть стыдно?
кошколдоп койсо да, анын муштумуна чымырап койгон да жок как тот ни бил его кулаками, ему хоть бы что.

чымыра

этиш. 1. Дүүлүгүп жыбырагандай, чыбыр ала болгондой көрүнүү, жыбыр-жубур эткендей сезимде болуу (көбүнчө денеге карата). Чарчаган буттары чымырап, жаны жыргап баратат (Байтемиров). Аяз күүсүн чалат: бет чымырап, кулак тызылдайт (Каимов). Столду бек чапкандыктан тыз-тыз чымырай түшкөн алаканы бир аздан кийин ысый баштады (Сыдыкбеков).
2. Чыбырчыктоо; көөп жылый баштоо. Чаргындын бул кеби чымырап калган казандын отун ичкерештиргендей болду (Сыдыкбеков). Жаз келип, карлар эрип, жер чымырап, Көк чыгып, торгой сайрап, курт кыбырап (Турусбеков). Жазга жакын көктөмдө, Жер чымырап көпкөндө (Осмонкул).
Бети чымыроо—уялуу, тартынуу. [Бурманын] журттан бети чымырап, алдыртан шыпшынууда (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: