Меню
Эл-Сөздүк

чарк

чарк I
ир.
1. колесо; круг;
арабанын чаркы колесо телеги;
2. точило (круглое);
чарк айлан- кружиться, вращаться;
тегирмендин парасындай чарк айланып вращаясь, как лопасти мельницы-мутовки;
чыракка чарк айланган жетим көпөлөктөй как мотылёк, кружащийся над светильником;
асманда чабалакейлер чарк айланып, кайып учуп жүрүштү в небе кружили и скользили ласточки;
ааламды чарк айланган күлүк ой быстрокрылая мысль, облетающая весь мир;
жайыкышы чилде - чарк айландың, жатпадың стих. ни в летний зной, ни в зимнюю стужу ты не знал покоя, не лежал;
чарк айланган бакшылар шаманы, вертящиеся в экстазе;
чарк уч- рел. (о дервише) кружиться, произнося имена божьи (одна из форм радения);
дийванача чарк учуп стих. кружась, будто дервиш;
дүйнө көз алдыда чарк айланды света белого не взвидел; с жизнью распростился;
чарк айлант-
1) приводить в быстрое вращение;
2) заставить беспрекословно подчиниться (себе);
чарк имер-
1) быстро завернуть (напр. стадо овец, табун лошадей);
2) то же, что чарк айлант-.
чарк II
сила, возможность;
чаркың келбейт или чаркың жетпейт у тебя не хватит сил; ты не справишься;
чаркым жетсе, чалышып, дагдыр жетсе, өлөмүн фольк. если сил хватит, я схвачусь, если суждено, умру;
чарпышкандын баарына чаркы жетер эр экен фольк. он - богатырь, у которого хватит сил на всякого, кто с ним схватится;
чапчыша кетер чаркы жок у него нет сил, чтобы сразиться;
чаркы келсе если он в силах; если у него есть возможность;
чаркы кыйын душмандан кай бетим менен качамын! фольк. с каким лицом я побегу от сильного врага! (ведь это позор!);
чаркы келип калганы, чаркы жогун жутушат фольк. (в природе) сильные глотают тех, у кого нет сил;
чаркың кана? где сила у тебя?
иштип чаркы белгилүү видно, куда дело клонится;
балбандык чаркы толо элек ещё полной силы борца у него нет;
маани-чарк то же, что чарк;
маани-чаркың жок у тебя сил и возможностей нет;
чарк токтогон ирик взрослый баран.

чарк

чарк (ал, чама)
чаркы кетүү

чарк

чарк (дөңгөлөк)
чарк айлан-
чарк имерүү (тез өзүнө
тартуу)

чарк

чарк: чарк токтогон (төрт
жашар)

чарк

чарк (туур.)

чарк

I зат. Күч, кубат, ал, чама, маани-жай. Чарпышкандын баарына Чаркы жетер эр экен («Манас»), Качып жүрүп аралап, Өз чаркымды чамалап (Тоголок Молдо).
ЧАРК II зат. 1. Дөңгөлөк. Арабанын чаркы.
2. чарык I менен бирдей.
Чарк айлануу — өтө тез ылдамдык менен тегерене айлануу, чимирилүү. Бир жетим көпөлөк лампаны чарк айланып,.. дырылдап учуп жатты (Баялинов). Чарк уруу — 1) өтө тездик менен жөнөө, кыдыруу, зыпылдап тез жүрүү. Барып калды Мендирман, Дубанача чарк уруп! (Жантөшев); 2) толкундоо, алып учуу. Ачууга сырын турмуштун, Чарк уруп жүрөк термелет (Бөкөнбаев). Нарындын суусу ташкандай, Кубанып көңүл чарк урду (Бөкөнбаев). Чарк токтогон—токтолгон же төрт жаштык. Чарк токтогон ирик.
ЧАРК III туур. Чар-чар эткен сыяктуу кыска чыккан үндү же доошту билдирүү үчүн колдонулат.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: