Меню
Эл-Сөздүк

чагыл-

страд. от чак- V;
караңгы үйгө кирип, ширеңке чагылды войдя в тёмную комнату, чиркнули спичкой (букв. спичка сверкнула);
чокусунан жалт-жалт этип, мөңгү күнгө чагылды стих. ледник, отражая солнце, поблёскивал вершиной своей;
сыдырым менен көлдүн үстү термелип, ай нуру менен чагылып турду от лёгкого ветерка поверхность озера колебалась и отражала лунные лучи;
көзүңдүн курчу кеткен го, күйдүргөн күнгө чагылып фольк. ведь жгучим солнцем поражённые, ослепли глаза твои;
көрүп туруп, Канчоро, күңүлүң неден чагылат? фольк. ты же видишь, Канчоро, так чем же огорчено сердце твоё?
көзүнөн от чагылып кетти у него искры из глаз посыпались;
маңдайым менен бир нерсени тарс сүзүп алдым, көзүмөн от чагыла түштү я стукнулся лбом обо что-то, и у меня искры из глаз посыпались.

чагыл

1. чак IV этишинин туюк мамилеси.
2. Нур, жарык экинчи бир нерсеге түшүп кайтуу, жаркылдоо. Канаты күнгө чагылып, Учканын кара ак куунун (Бөкөнбаев). Күзгүдөй тунук Ысык-Көл, Күн нуруна чагылган (Нуркамал).
3. Чагылган жарк-журк этүү. Күн катуу күркүрөп келип, чагылган чагылды (Жантөшев).
Көзүнөн от чагылуу — кандайдыр бир жерин катуу уруп оорутуп алганда көз алдында учкун пайда болгондой сезимде боло түшүү. Бир жолу тиземди ташка уруп алдым эле, көзүмөн от чагыла түштү (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: