Меню
Эл-Сөздүк

түш

түш I
полдень;
түштө
1) в полдень;
2) перен. в своё время, своевременно;
түштөн кийин
1) после полудня;
2) перен. не вовремя, когда миновала надобность;
чын түш или чак түш или чаңкай түш ровно полдень;
жалган түш время за час-два перед полуднем;
түш жарым полдня;
түш жарым жол полдневный путь;
ардактуу атым тулпар деп, түш жарым күчүн бербедиң фольк. ты не дал мне (своего коня) на полдня, мол, конь мой скакун;
түш кыя время сразу за полуднем;
түш оой после полудня;
түш кыйшайып келе жатат солнце склоняется за полдень;
тал түштө или таламдын тал түшүндө или тапатал түштө или таламандын тал түшүндө или таламалуу тал түштө
1) как раз в полдень;
2) средь бела дня.
түш II
сновидение, сон;
түш өткөндү кайталайт сновидение повторяет прошлое (пережитое);
түшкө кир- присниться;
түшүмө кирди мне приснилось;
түндө таң аткыча түшүмө кирип чыктыңар ночью вы до рассвета снились мне;
түшүмө кирсең, кубанам, сүйлөшкөнгө барабар фольк. когда ты снишься мне, я радуюсь так, будто говорил с тобой;
душман не дебейт, түшкө не кирбейт погов. чего только не скажет враг, что только во сне не привидится;
тооктун түшүнө таруу кирет погов. курице просо снится;
түш оңолбой, иш оңолбойт примета если сны не наладятся (т.е. не будут предвещать добро), дело не пойдёт на лад;
түшүм кабыл болмок сон мой должен сбыться;
түшүң түш болбой, туш келсин желаю, чтобы сон твой стал былью;
түшүмдө көрдүм я видел во сне;
үч уктаса, түшүнө кирген эмес ему и во сне не снилось;
түшүнө эшек кириптир ему приснился осёл (см. түшө- II).
түш- III
1. спускаться, опускаться; падать; ниспадать;
аттан түш- слезать с коня;
аттан буту түшөр менен как только он слез с коня (букв. как только ноги его спустились с коня);
аттан түшө электе ещё не слезая с лошади;
Чолпонбай жерге түшөөрү менен алып багып алып, аны дал армияга кеткенче тарбиялаган как только Чолпонбай спустился на землю (т.е. родился), он его взял и воспитывал вплоть до отправки в армию;
кызматтан түш- слететь с места (работы), быть снятым с должности, с работы;
кызматтан түшүп калды он с работы снят;
колхоз председателдигинен түшүп слетев с должности председателя колхоза;
2. наступать (о зиме, темноте); выпадать (о снеге);
кыш түштү наступила зима;
алты күнү күн тийбей, күн караңгы түн түшкөн фольк. шесть дней не появлялось солнце,
день тёмен, настала ночь;
кар калың түштү выпал глубокий снег;
3. подходить (напр. о ключе к замку);
ачкычы түшөбү? а ключ (к замку) подойдёт?
4. поступать (получаться);
түшкөн арыздар поступившие жалобы;
кассага түшкөн акча деньги, поступившие в кассу;
базарга түшкөн мал скот, поступивший на базар;
саткан малдан түшкөн акча деньги, вырученные за проданный скот;
штрафтан түшкөн акча деньги, поступившие от штрафа;
алма сабагынан алыс түшпөйт погов. яблоко от яблони недалеко падает;
5. обойтись, стоить;
беш сомго түштү стоило пять рублей; обошлось в пять рублей;
кымбатка түшсө да пусть даже дорого обойдётся;
6. сбиваться (о масле из айрана или из взбалтываемого кумыса);
7. выйти замуж;
түшкөн жерим место или семья, куда я вышла замуж;
мен түшкөн кезде когда я вышла замуж;
менин түшкөнүмө төрт жыл болуп калды прошло четыре года, как я вышла замуж;
8. выражает внезапность или силу действия, если ему предшествует подражательное слово и глаголы эт- или де- в форме деепричастие ;
тарс дей түштү или күрс эте түштү вдруг бухнуло; раздался резкий звук;
кулагы чур дей түштү у него вдруг в ушах зазвенело;
мылтык тарс дей түштү раздался ружейный выстрел;
баары бирдей чуу дей түштү вдруг все разом загомонили;
желп эте түштү резко колыхнулся (напр. флаг от ветра);
көгүлтүр түтүнү бурк эте түшүп, машина жөнөй берди (из машины вдруг) вырвался синеватый дым, и машина двинулась;
жүрөгү болк этип оозуна тыгыла түштү у него сердце ёкнуло и дыхание перехватило;
9. в роли вспомогательного глагола с деепричастие наст. вр. выражает:
1) неожиданность или мгновенность действия;
көзүм ачыла түштү у меня вдруг глаза открылись; перен. я вдруг прозрел, понял;
каскасы, күнгө жаркырай түштү его каска блеснула на солнце;
дүйнөгө жаңы келген баланын дабышы чыга түштү вдруг раздался голос только что появившегося на свет ребёнка;
жиним келе түштү меня взорвало;
ыктытканы басыла түштү у него икота вдруг прекратилась;
көңүлү сууй түштү он сразу охладел;
кекечтене түштү он заикнулся;
ага дароо коркунуч түшө калды на него вдруг напал страх;
өңү өзгөрө түштү он вдруг изменился в лице;
селт этип, бир түрдүү боло түштү он вздрогнул и вдруг как-то изменился в лице;
күн ачыла түштү погода вдруг прояснилась;
чөп кубара түштү трава вдруг пожелтела;
көзү чакчая түштү он вытаращил глаза;
боло түштү вдруг произошло, вдруг случилось;
2) некоторое продление или повторение главного действия;
төшөккө жата түш- полежать в постели;
дагы аз жата түшөйүнчү полежу-ка я ещё немного;
комузуңду черте түш поиграй немного на своём комузе;
дагы айта түшкөй эле (хорошо было бы) если бы он ещё сказал;
сен бир аз ырдай түшкөйсүң (желательно, чтобы) ты (ещё) немного спел бы;
азыраак баса түшүп, бизге айланды ещё немного пройдя, он повернулся к нам;
Акман, көтөрүлө түшүп, сүйлөп калды Акман, приподнявшись, заговорил;
көнө түш- попривыкнуть;
мен дагы бир саат иштей түшөмүн я еще час поработаю;
ойлоно түш- пораздумать;
майдан эрите түш- подтопить (добавить) сала;
курчута түш- подточить (напр. нож.);
шиший түштү припухло;
сала түш- подложить (положить добавочно);
кошо түш- ещё прибавить;
Алым Самсахун менен сүйлөшө түштү да, жүгүргөн бойдон көчөгө чыгып кетти Алым ещё немного поговорил с Самсахуном и побежал на улицу;
бир аз тынчый түштү немного успокоилось, утихомирилось;
катка дагы бир нече сөз жаза түштүм я приписал к письму ещё несколько слов;
мен бир аз окуй түштүм я ещё немного почитал;
колго түш- попасть в руки; попасться;
көпкө түш- обращаться (за советом) к (народным) массам, к обществу;
эске түш- вспомниться, прийти на память;
чаң-тополоң түшүп кетти началась свалка; поднялась суматоха;
эттен түш- спасть с тела;
мал этинен түшпөсүн чтобы скот не спал с тела;
көзү түшө калды его взгляд упал на...;
көзү этке түшө калды его взгляд упал на мясо; он вдруг заметил мясо;
бакырайган кара көздөрүнө көргөндөрдүн баардыгынын көздөрү түшөт её большие чёрные глаза обращают на себя внимание всех, кто ёе видит;
алдына түш- явиться к кому-л. с повинной;
Өмүр, колун куушуруп, Саадаттын алдына түштү Омюр, покорно скрестив руки на груди, явился к Саадату с повинной;
өз күнөөсүн мойнуна алып, алдыңа түшөйүн деген адамды ким жаман көрсүн кто же будет ненавидеть человека, который явился к тебе с повинной, признав свою вину;
алды-үстүнө түшө кал- или асты-үстүнө түшө кал- лебезить, угодливо увиваться;
түшүп аттанат он в два счёта сделает; это для него пустяки;
тамакка түш- начать есть;
тамакка түшкөндө келдиң ты пришёл (кстати) как раз к еде;
артынан түш-
1) гнаться за...; преследовать;
2) упорно добиваться чего-л.;
гостиницага түш- остановиться в гостинице;
сиз кайсы гостиницага түштүңүз? вы в какой гостинице остановились?
машинага түш- сесть в машину (в автомобиль);
машинага түшүп келишти они приехали на машине;
мончого түш- идти в баню; мыться в бане;
балбанга түш- (о борцах) выступить в борьбе;
кайратың катуу эр элең, сен түшпөсөң балбанга фольк. ты ведь молодец силы непомерной, уж если ты не выступишь в борьбе (так кто же выступит);
сен түшпөсөң калмакка, кандай адам чыга алат Коңурбайга бармакка? фольк. если ты
не схватишься (в борьбе) с калмыком, кто же может выйти, чтобы пойти на Конгурбая?
ашып түш- превзойти;
сүрөткө түш- фотографироваться;
сүрөткө түшөсүңбү? ты будешь фотографироваться?
сүйлөгөн сөзү оозунан түшүп турат он боится слово вымолвить;
сүйлөгөн сөзү оозунан түшүп турган неме он какая-то мямля;
арага түш- (см. ара 1).

түш

  • afternoon
  • afternoons
  • dreamland
  • dreamworld
  • midday
  • noon
  • shuteye
  • түш

    I. (мезгил) noon [нуун];
    түшкү тамак dinner [‘динэ]

    түш-

    II. fall [фоол];
    drop [дроп];
    descend [ди‘сэнд];
    (трамвайдан, самолёттон ж.б.) alight [э’лайт]

    түш

    III. dream [дриим]

    түш

    I зат. Уктап жатып өңүндөгү сыяктуу сезилген элестер. Чочуп Эркекыз көз ачса, түшү экен (Байтемиров). Тооктун түшүнө таруу кирет (макал).
    ТҮШ II зат. Күн чыккандан батканга чейинки мезгилдеги убакыттын дал ортосу, болжол менен күндүзгү саат он экиге туура келүүчү убакыт. Түш ооп кеткен мезгил (Абдукаримов). Татыбек эшикке чыккакда күн түш эле (Байтемиров).
    ТҮШ III этиш. 1. Жогорудан, тоодон ж. б. төмөн карай багыт алуу, ылдыйлоо. Эртеңден баштап кырманчылардан башка иштөөчүлөр тоодон жакага түшөт (Касымбеков). Машина дагы өйдө чыгып, ылдый түштү (Сасыкбаев). Кымыз серке чаначтын колуна дейре түшө түштү (Сыдыкбеков).
    2. Ат үстүндө, транспортто ж. б. отурган абалдан жер баскан абалга, жерде турган абалга өтүү. [Кычан] кунандан ыргып түштү (Бейшеналиев). Келип түштү Солтобай Кулжыгачтын айлына («Олжобай менен Кишимжан»).
    3. Транспорттун же башка бир нерсенин ичинен орун алуу. Ак жоолугун делбиретип, жолоочулар түшкөн машинаны узатып турат (Сыдыкбеков).
    4. Ажыроо; кулоо; бөлүнүү. Тиш түшкөндө тил калат, Сүйлөй албай балдырап (Токтогул). Күзүндө апорттор топ-топ түшүп турбаса мага келдеди (Сыдыкбеков). Сырыңдын баары түшүптүр, Болгон окшойт бир заман (Токтогул).
    5. Башталуу, болуу. Кыш түштү. Суук түштү. Караңгы түштү.
    6.Басуу, каптоо. Чүйдүн талаасына боз түшүп турду (Бөкөнбаев).
    7. Белгилүү бир деңгээлден төмөнүрөөк абалда болуу. Кыздардын чачтары беш өрүм болуп жаагынан түшүп турса, кандай жарашчу эле (Сыдыкбеков).
    8. Кабылуу, капканга, тузакка ж. б. кармалуу, дуушар болуу, туш келүү. Жайган торго чалынып, Торго түштүң, турумтай (Тоголок Молдо). Көп жойлогон түлкү капканга түшпөй койбойт (макал).
    9. Тереңдикке, бир нерсенин ичине кирүү; ортосунда, арасында болуу. Ал эми кожоюн жумушка алып, шахтага түшкөндөрдүн чекеси жылыйт дейсиңби (Сасыкбаев). Бир кудайдын эркеси, Жер алдына түшкөнү («Манас»).
    10. Изи, тагы калуу, сүрөтү, элеси тартылып калуу. Эки күн илгери.. ушул жылгадан Абдылда жаңы түшкөн аттын изин көргөн (Байтемиров). Көзү өткүр, өмүрү жаш, ою көп, Качан, кайда түшкөн ушул сүрөткө (Нуркамал).
    11. Шоола, жарык тийип туруу. [Токтогулдун] маңдайы үзүктүн жыртыгынан түшкөн айдын шооласына туура келди (Аалы).
    12. Дарылануу, көрүнүү. Табыпка түшүп айыкчу, Көкүрөктөгү чер эмес («Мендирман»).
    13. Күрөш, эңиш сыяктуу кандайдыр бир мелдештерге, оюнга катышуу, беттешүүчү тарап болуп чыгуу. Күрөшкө түшүү. Эңишке түшүү. Улакка түшүү. Оюнга түшүү.
    14. Чөмүлүү, киринүү. Сууга түшүү. Көлгө түшүү. Мончого түшүү.
    15. Кандайдыр бир абалда болуу, белгилүү бир абалга келүү. Кай бирлери сыңар тизелеп, кай бири чөк түшүп отура калышты (Жантөшев).
    16. Ойго, эске, көңүлгө келе калуу. Элемандын сырттандын Эсине түшүп аюусу, Мурутун жулуп калганы («Эр Төштүк»). Ойго түшөт жашчылык, Узун жашап барганда (Осмонкул).
    17. Белгилүү бир баасын, канчага тургандыгын көрсөтүү үчүн колдонулат. Кымбат түштү. Арзан түштү. Беш сомго түштү.
    18. Кыймыл-аракеттин, абалдын ж. б. болуп өткөндүгүн, кокусунан болгондугун, тездигин ж. б. билдирүү же узакка созулгандыгын, бир нече кайталангандыгын билдирүү маанисинде көмөкчү этиш катарында колдонулат. Капысынан үйдүн ичи жарк дей түштү (Убукеев). Мамырды көрүп.. Чолпондун эсине Ракыя кылт эте түштү (Байтемиров). Сүйлө-сүйлө Акы депСүйлөй түш Акы дагы деп («Эр Табылды»).
    Козү түшүү к. көз. Сугу түшүү к. сук I. Күнү түшүү к. күн. Алдына түшүү— айыбын, күнөөсүн мойнуна алып, бир нерсе тартуулап же берип кечирим суроо. Колго түшүү — 1) кармалып калуу; 2) туткун болуу. Артынан түшүү — кандайдыр бир киришкен ишинин аягына чыгышына жетишүү, акырына жеткирүүгө аракеттенүү.

    Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
    strtoupper(KG)
    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: