тыбыра- трепыхаться, биться; сучить ножками (о плачущем ребёнке); топать, топотать;буту күйгөн тоокчо тыбырайт он топочет (ногами), как курица, которая обожгла ноги;жүрөктөрү уядагы энесин көргөн балапандай тыбырады их сердца трепещут, будто птенцы в гнезде, завидевшие мать.
тыбыра этиш. 1. Буту-колун тыбырчылатуу, буту-колун тез-тез серпип кыймылдоо, тыбырчылоо. Душман эки-үч ала салып барып тыбырай баштады (Сасыкбаев). 2. Токтоно албоо, чыдамсыздануу, чебелектөө. Токтоно албай тыбырап, Кырк жигитке шыбырап («Эр Табылды»).