Меню
Эл-Сөздүк

күүгүм

1. сумерки;
күүгүм талаш время, когда кончаются сумерки и начинает спускаться ночь;
күүгүм талаштыра жаан жаады как только начало смеркаться, пошёл дождь;
күүгүм кирди наступили сумерки; смерклось;
тоо арасына күүгүм эрте каптады в горах сумерки рано наступили (рано начало темнеть);
күн батып, күүгүм кирди солнце село, и наступили сумерки;
күүгүм кирип, көз байланган кезде когда наступили сумерки и стемнело;
күүгүм кире, күн бата с наступлением сумерек;
кызыл күүгүм начало сумерек, начало наступления вечерней темноты;
2. затемнённый; затемнённое место;
береги күүгүмдөн жон ылдый жылдыз учуп түштү вон по тому затемнённому (напр. заслонённому тучей) хребту горы пролетела звезда и упала;
күүгүм туман синеватый туман; голубоватый туман;
күүгүм туман көздөнгөн с голубыми глазами, голубоглазый;
күүгүм түн начало ночи;
өңү күүгүм түнгө окшойт у него смуглое лицо.

күүгүм

  • dusk
  • gloaming
  • nightfall
  • twilight
  • twilights
  • күүгүм

    күүгүм
    күүгүм талаш
    күүгүм туман

    күүгүм

    зат. 1. Күн баткандан кийинки, түн киргенге чейинки караңгы түшө баштаган мезгил; каш карайып, көз байланып калган кез. Күн тегиз батып, күүгүм кирди (Байтемиров). Асман киргилт түскө келип, бара-бара күүгүм кирди (Абдукаримов).
    2. Болор-болбос гана жарык, ачык эмес, даана эмес, күңүрт. Столдогу лампочкадан түшкөн кубатсыз шооладан үй ичи күүгүм тартып турду (Ала-Тоо»).
    ¨ Күүгүм талаш же күүгүм бараң — күүгүм боло баштаган, көп караңгы түшө элек кез. Чуу күүгүм талаштагы токой арасынын тынчтыгын бузду (Жантөшев). Нурбай таң сүрө жөнөйт да, кайра күүгүм бараңда араң келет (Баялинов).

    Котормолордун мисалдары: күүгүм

    Кыргызча Орусча
    күүгүм Сумерки.

    Котормолордун мисалдары: күүгүм

    Кыргызча Англисче
    күүгүм Twilight.

    Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
    strtoupper(KG)
    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: