-
КОШУНДУ
-
куюшканга чабылуучу кооздук. Ал — узуну 6—7 см, туурасы эки см «Н» тамгасы формасындагы кош шөкөт. Анын ортосунун узундугу эки смге, туурасы бир смге барабар. Чынында, «кошунду» деген термин мына ушундан калат. Муну кайышка алты мис мык аркылуу чаап бекитет. Ал эми «сүзмө», «солондор» эки «купа» бир эле жеринен чабылат. Куюшкандын аттын эки соорусуна түшүп, тогоого кирип-чыгып турган кайышка эки жерине чабыла турган сүйрүлөнгөн шөкөттү «солондор» дейбиз. Мунун, узуну болжолдо 5 смдей, туурасы 2,5 см дей болот.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кошунду