Меню
Эл-Сөздүк

кошок

кошок I
1. ряд овец, коз, связанных за шею друг с другом;
коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт погов. у страха глаза велики (букв. испугавшемуся (всё) двойным кажется, а с тем, что к нему привязано, пятерным кажется);
2. перен. жена.
кошок II
этн.
заплачка, причет (оплакивание в стихах умершего или невесты, когда её отправляют в аул жениха).

КОШОК

КОШОК — дүйнөдөн өткөн адамга карата өкүнүү, күйүнүү, жакындык сезимин билдирүү менен муңдуу аткарылган кайгылуу ыр. К-тун элдик оозеки чыгармачылыктагы эң байыркы жанрлардын бири экендигин К., керээз түрүндө айтылган сөздөрдөн турган байыркы энесай-орхон жазуулары да далилдеп турат. Кыргыз элинде К. илгертен кеңири таралган, азыр да учурайт. Ал эми «Манас» жомогунда баатырлар өлгөндө жесирине тул салдырып берип, алтымыш кошокчу аял кошуп берип, аза күткөнү айтылат; Мисалы, Манас өлгөндө «Алтымыш катын кошокчу Тул түбүндө Акылай Баягы кайран жеңең Каныкей, Боздоп турду буркурап. Кошуп эле турат чыркырап (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 13); Көкөтөй өлгөндө «Тулун туура тарттырып, Көкөтөйдүн жоктоосун Күлайымга айттырып» (Саякбай Каралаев, 2. 7). Адатта К. көзү өткөн адамга арналгандыктан ошол адамдын сапаттары, турпаты, аткарган жумушу, адамдарга мамилеси айтылган. Мисалы, «Манаста» Алмамбеттин аялы Арууке «тоодоюм», «падышам», «кабылан» деп атап кошот:
Тоодогу жылкы тогуз сан,
Тобурчак буудан аралаш,
Тосуп алар жаман ат,
Томсоруп жанды кууратпай,
Тоодоюм төрөм ала жат!
Падышам бармактайда баш кошкон,
Ошо же биттей кезде бириккен,
Канжыгаңа чала кет,
Караандаша кеткенге
Кабылан, мен чиркинди ала кет!
Ар уруудан көйнөгүм,
Тартсам жетпейт мойнума,
Талыктырбай бейбакты,
Кабылан, тарта кетчи койнуңа!
Отуз дайра бириксе,
Шар жериндей падышам,
Отуз тоо бириксе,
Ошондо тар жериндей падышам! (Саякбай Каралаев, 2. 224).

Адатта К-ту өлгөн адамдын ашы берилгенче айтышат. Ашты таратып бүткөндөн кийин гана жесирдин карасын алып, башка кийим кийгизишкен. Эпосто да Көкөтөйдүн ашы берилгенче аялы кара кийим кийип отурганы айтылат. Аш бергени Ташкенден көчүп чыкканда:
Алган жары Күлайым
Калдайтып кара кийгизип,
Кан Көкөтөй зыйнатын
Калайыкка билгизип,
Атанга жүгүн арттырып,
Алтымыштай катынга,
Тегиз кошок айттырып (Саякбай Каралаев, 2. 11),— жүрүп олтурушат.

Эпостогу К-тор мааниси гана эмес, формасы, түзүлүшү боюнча элдик К-го окшош жана К-тордо элдик поэзияга мүнөздүү эпикалык параллелдүүлүк, аллитерация, аксак уйкаш сыяктуу көркөм сөз каражаттыр кеңири жолугат.
3. Бектенов

кошок

кошок (жоктоо), кошо гу, кошокко

кошок

кошок (кош кабат)

Кошок

Кошок – кыргыз оозеки поэзиясында каада-салт ырларынын түрү. Адам өлгөндө, кыз бергенде аткарылган. Өзүнчө обону бар. Кыргыздын салттуу турмушунда дүйнөдөн өткөн адамдын аял туугандары тарабынан кайгы-күйүт, арман, бири-бирине кайрат, акыл-насаат айтылып, өлгөндүн тирүү кезиндеги жакшы сапаттары, аткарган иштери эскерилет. Кошокту кээде атайын кошокчу аялдарды чакырып айттырышкан. К. кыз бергенде да кошулган. Мындай К-то кыздын кандай тарбияланып өскөнү же кыз күйөөгө аргасыздан, өтө жаш берилип жатса, кыздын ата-энесинин арыз-арманы, ошого мажбурлап жаткан теңсиз заманга нааразылык айтылган(Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 241-б.).

кошок

Iзат. Каза тапкан адам же күйөөгө узатылып жаткан кыз жөнүндө ый аралаш аткарылуучу ыр, жамак. Кошок кошуу. Кошок айтуу.
КОШОК II зат. Кой-эчкилердин бири-бирине тизмектелген, моюндарынан байлаштырылган тобу. Койлор саалып, кошоктор тартылар менен, бээлер да саалып, Кулундар да агытылды («САЖИ»). Короо-короо кой айдап, Кошогу менен саткан көп (Осмонкул).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: