КАРАСУР КАРАСУР — Ошпурбайдын байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин келишине арнап өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта байгелүү орундардын бирин ээлейт (Сагымбай Орозбаков, 2. 341).
КАРАСУР КАРАСУР — Койчумандын аты. Алмамбет келгенде Манас ага тартуулаган күлүктөрдүн бири (Сагымбай Орозбаков, 2. 318).
КАРАСУР КАРАСУР — каңгайлардын байгеге чапкан күлүгү. Манас туулгандагы тойдогу ат чабышта байге алган тулпарлардын бири (Сагымбай Орозбаков, 1. 82).
КАРАСУР КАРАСУР — Айдаркандын байгеге чапкан күлүгү. Тейишкандын тоюндагы ат чабышта Аккуладан кийин келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 66).