Меню
Эл-Сөздүк

ИДЕЯ

ИДЕЯ эпостун мазмунунда, образдар системасында камтылган негизги ой катары чоң мааниге ээ. Ч. Айтматовдун сөзү менен айтканда «Ириде айтылуучу сөз мындай: эпостун негизги идеясы, анын бүткүл «кан тамырын» аралап өткөн идея адамзаттын жаралышынан бери адамды аздырып-тоздуруп, кубантып сүйүнтүп, издентип, улам алдыңкы максаттарга умтултуп, адам чаалыгып, чарчап баратканда ага канат байлап, күч берип, дем берип келген өлбөс, карыбас идея. Эпостун бүткүл көркөмдүк түзүлүшү, пафосу эң негизги бир идеяны баштан аяк улап, өөрчүтүп өнүктүрүп отурат, ал эркиндик идеясы, көз каранды эместиктин идеясы. «Манас» эпосунун өлбөс-өчпөстүгү, түбөлүктүүлүгү, дүйнөлүк баа жеткис маданий эстеликтердин катарынан орун алары да дал ушул идеялык-эстетикалык касиетине байланыштуу» («Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу». К-пте: Сагымбай Орозбаков, 1. 9). Эл эркиндикке, күнкор эместикке күрөш аркылуу гана жетише алган. Ал эми күрөш элдин баатырларга, эр-азаматтарга муктаждыгын пайда кылган. Ушундан улам эпостун И-лык чордонун көп кылымдык тарыхында сандаган түркүн окуяларды башынан кечирген элдин эркиндик, күнкорсуздук үчүн баатырдык, каармандык күрөштөрү түзүп эпостун эң алгачкы калыптануу учурунан башталып, улам барган сайын тышкы душмандар менен катар ички душмандарга каршы күрөштөрдө кеңири сүрөттөлөт. Эпостун Манас, Семетей, Сейтек, Каныкей, Бакай, Чубак, Сыргак, Айчүрөк, Күлчоро жана башкалар каармандары — өз элин, жерин сүйгөн патриоттор. Алардын эрдик, баатырдык иштери, майтарылбас эрки, кайраттуулук, күжүрмөндүк, өткүрлүк, көсөмдүк сапаттары, элдин кызкчылыгы үчүн жан аябай күрөшү эпостун негизги И-сын улам тереңдетип турат. Эпосто элдин үмүт-тилегин, мүдөөсүн, максатын алып жүргөн башкы каарман — Манас. «Үзүлгөндү улап, чачылганды жыйнап», бытырап тарап кеткен элдин башын бириктирип, өз Ата Мекенине ээ кылуу, элди тышкы жана ички душмандардан коргоо, баскынчыларга каршы күрөшкө баш коштуруу Манастын зор ишенимдүүлүгүнө байланышкан. Ат жалын тартып мингенден баштап эле «өчкөн отту тамызган, өлгөн жанды тиргизген» иштерди жасап, элдин алкоосуна арзыйт, анын тирегине айланат. Манастын патриоттук сезиминин эрте ойгонушуна Алтайда турган кыргыздар менен калмак, кытайлардын ортосундагы карама-каршылыктар, кытай, калмактардын зордук-зомбулуктары, ошондой эле ата-теги, эли-жери жөнүндөгү уккандары себепчи болот. Ата Журтун табуу, элин эзүүдөн куткарууну алдына максат кылып коёт. Манастын кыргыз урууларын бириктирип, Алтайдан Ала-Тоого көчүү, ата-бабадан калган жерди баскынчы душмандан кайрып алуу үчүн түшкөн багыты, иш-аракеттер эл тарабынан колдоого ээ болот.
Аттангандан тартынба,
Айтууга калсын артыңа.
Көптүгүнө ишенген
Көңкү кытай капырды
Көрүп турсун көз менен,
Аягың чыгар кишенден!
Арбынмын деп ишенген,
Арбак урган капырга,
Санын бириң өлтүрүп
Зарыкпай аяк чечиңер
Саныңды чыгар кишенден! (Сагымбай Орозбаков, 2, 151),

— деп алдыда болуучу айыгышкан күрөштүн кыйындыгын ачык-айкын түшүндүрөт. Манастын аркасы менен эл ата мурас жерине ээ болуп, колу-буту «кишенден» бошойт. Бирок, эңсеген эркиндик ушуну менен эле камсыз болуп калган жок. Бул үчүн дагы ички ыйкы-тыйкы, чыр-чатактарды тышкы душмандын басып кирүү коркунучун жоюу зарылдыгы келип чыккан. Манастын жети кандын чатагын жөнгө салуу менен башкы күчтү, негизги көңүлдү Бээжинге карата буруп, Чоң казатка аттанышынын негизги себеби да ушуну менен түшүндүрүлөт. Анын элге, жерге деген сүйүүсү ушунчалык назик жана чексиз. Чоң казат жолунда эл тагдыры жөнүндө бушайман болот, эли-жерин бир саамга эсинен чыгарбайт:
Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас
Жерди айтып бир кейип,
Жыргалдуу кыргыз көп ногой
Элди санап бир кейип,
Кокустан өлүп кетсем Бээжинде
Бирөөнүн тилин бири албай,
Баш-аламан кокуй эл
Бирөөн бирөө көрө албай,
Ала болуп кетет бейм,
Аңдып жүргөн көп душман
Алакандай элимдин
Түбүнө түгөл жетет бейм (Саякбай Каралаев, 2. 98).



Манастын жолун уулу Семетей улап, талоонго калган элин эбине келтирип, Коңурбайдан атасынын өчүн алат. Семетей ишке ашыра албай калгандарды Сейтек жөнгө салат. Эпостун улам кийинки бөлүктөрүндө («Семетей», «Сейтек») кан күйгөн кармаштар, кырчылдашкан согуштар «Манастагыдай» көп болбосо да, чыгарманын негизги лейтмотиви — эркиндикти, күнкор эместикти коргоп калуу эч солгундабайт. Дегинкисинде, Манас да, Семетей да, Сейтек да элдин эңсеген тилегинен жаралган идеал каармандар. Алар элдин эркиндик үчүн күрөштөрүндө дайыма чоң тирек, өбөк, таянар тоо болуп, муундарды, элдин эркиндигин коргоочу болочокку жоокерлерди тарбиялоодо зор мааниге -өэ болуп келген. Эпостун эркиндик, көз каранды эместик И-сы жуурулушуп турган баатырдык патриоттук элди, жерди, Мекенди сүйүү И-лары чыгарманын башынан аягына кызыл сызык болуп өтүп турат.
О. Исмаилов

идея

зат. 1. Адамдын аң-сезиминдеги ой-пикирди жана анын айлана чөйрөгө болгон мамилесин көрсөтүүчү түшүнүк, элес, ой. Окуган сайын ага жаңы идея, жаңы сезим, жаңы көз караш туула берди (Баялинов).
2. Көз караштардын негизги принциби, бир нерседеги негизги ой»
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоидея
Множ. числоидеялар
Склонение по падежам - "идея"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?идея
Родительный Чей?идеянын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?идеяга
Винительный Кого?, Что?идеяны
Местный Где?, У кого?идеяда
Исходный Где?, У кого?идеядан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?идеялар
Родительный Чьи?идеялардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?идеяларга
Винительный Кого?, Что?идеяларды
Местный Где?, У кого?идеяларда
Исходный Откуда?, От кого?идеялардан

Примеры переводов: идея

Кыргызский Русский
Бул жакшы идея Это хорошая идея
Жаңы абзац жаңы идея, образ же жагдай менен башталат. Новый абзац начинается, когда новая идея, символ, или настройка введена.
Бирок бийлик жана башкаруу чөйрөсүндө гендердик теңчилик мурдагыдай эле кол жеткис идея бойдон калууда. Однако, что касается власти и управления гендерного равенства по-прежнему остается недостижимым идеалом.
Бул идея жаңы эмес эле, бирок волонтерлордун мындай уюмун түзүү жана башкаруу жөнүндөгү өкмөттүн демилгеси жаңы болчу. Идея была не совсем новый, но главным инициатива правительства создавать и управлять такой силы добровольцев было ново.
Бул ойдо жок идея болгон, себеби, чындап келсе, ири корпорациялар жана ушул сыяктуу мекемелер жалпы элге б.а. акча-каражаттары чектелген адамдарга пайыздык төлөмдөрдү төлөп беришкен. Это был фантастическая идея, вы знаете, потому что было действительно для масс, более бедные люди, которым большие корпорации и другие подобные учреждения сделали процентные платежи.

Примеры переводов: идея

Кыргызский Английский
Бул жакшы идея That's a good idea
Жаңы абзац жаңы идея, образ же жагдай менен башталат. A new paragraph begins when a new idea, character, or setting is introduced.
Бирок бийлик жана башкаруу чөйрөсүндө гендердик теңчилик мурдагыдай эле кол жеткис идея бойдон калууда. However as regards power and administration gender equality still remains an unattainable ideal.
Бул идея жаңы эмес эле, бирок волонтерлордун мындай уюмун түзүү жана башкаруу жөнүндөгү өкмөттүн демилгеси жаңы болчу. The idea was not entirely new, but a major government initiative to create and manage such a force of volunteers was new.
Бул ойдо жок идея болгон, себеби, чындап келсе, ири корпорациялар жана ушул сыяктуу мекемелер жалпы элге б.а. акча-каражаттары чектелген адамдарга пайыздык төлөмдөрдү төлөп беришкен. This was a fantastic idea, you know, for it was really to the masses, the poorer people, to whom the big corporations and other such institutions made interest payments.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: