-
ЗАМЗАМ
-
ЗАМЗАМ (арабча земзем) — Мекедеги Кабанын жанындагы ыйык булак. Булактын дарылык касиети бар деп эсептелинет. Ажыга баргандар көп учурда замзамия деген атайын идишке ал дары сууну куюп өз жерине ала кетет. «Манаста» ошол ыйык сууга өлгөн адамдын сөөгүн жууйт. Мисалы, Көкөтөй өлгөндө:
Сарбап менен буудуруп,
Замзам менен жуудуруп,
Чарайнага чаптатып,
Шайингиге каптатып (Сагымбай Орозбаков, 3. 11)
— туруп койгондугу айтылат.
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
замзам