Menu
Эл-Сөздүк

жүрөк

в разн. знач. сердце;
жүрөк или эт жүрөк анат. сердце (ср. көңүл, көкүрөк, дил);
жүрөк сокпойт сердце не бьётся;
жүрөгү араң эле кагат или жүрөгү араң эле согот сердце у него едва бьётся, сердце у него очень слабо бьётся;
жүрөгүм ооруйт у меня сердце болит;
жүрөк эти сердечная мышца;
жүрөк эти толо элек
1) сердце его ещё не достигло полного развития;
2) перен. (об эпическом богатыре) он ещё молод, ещё не созрел для подвигов;
кагып турган жүрөгум фольк. ласк. моя милая (букв. моё бьющееся сердце);
жүрөгү өлдү (о человеке) он запуган, боязлив;
жүрөгү өлбөгөн (о человеке) смелый;
жүрөгүндө кара жок, баары да май он - настоящий богатырь (букв. у него на сердце нет тёмного пятнышка, всё - жир; считается, что сердце настоящего богатыря должно быть сплошь покрыто жиром);
жүрөгү майлуу жигит храбрый, отважный парень;
"жүрөгү майлуу болсун" деп, казыдан кесип жегиздим фольк. чтобы он стал храбрым (букв. сердце его было жирным), я резала брюшной конский жир (см. казы I) и кормила (его);
"жүрөгү майлуу болсун" деп, качкан жоону куудурдум фольк. чтобы он стал храбрым, я посылала его гнать бегущего врага;
жүрөгу майсыз трус (букв. сердце его без жира);
жүрөгү майсыз, жүүнү бош - жаманды эмне кылармын? фольк. что я буду делать с этим презренным трусом, размазнёй?
баатырдын көркү жүрөктө фольк. украшение богатыря - сердце (т.е. храбрость);
жүрөгү таш или таш жүрөк непреклонный;
билеги жоон, таш жүрөк, атасынан бабасы пил мүчөлүү бадирек фольк. сильный, непреклонный, от отца и деда слоновьего сложения храбрец;
жүрөгү тоо бесстрашный;
жүрөгү от у него горячее, пламенное сердце;
эр жүрөк смелый, мужественный, храбрый, неустрашимый;
ак жүрөк
1) доброе намерение;
2) преданный, верный;
кара жүрөк враждебный, враждебно настроенный, злоумышляющий;
суу жүрөк или груб. бок жүрөк трус;
тамак жүрөгүмө барбайт или тамак жүрөгүмө баспайт мне кусок в горло не лезет, у меня абсолютно нет аппетита;
жүрөгүм даабайт я не осмеливаюсь, не смею, у меня смелости не хватает;
жүрөгү үшүп калган он струсил;
жүрөгү түштү он сильно испугался;
жүрөгүн түшүр- запугать (его);
жүрөк түшүү название детской болезни;
жүрөгү эки или жүрөгү экөө или кош жүрөк храбрец из храбрецов (букв. у него два сердца);
"жүрөгү эки" деп, айтып, кыздын баары жалынып фольк. сказав, что он храбрец из храбрецов, все девушки его упрашивали;
жүрөгуң экөө эмес смотри, не очень храбрись;
коркок бала мен белем, кош жүрөгүн алгандай? фольк. разве я трусливый паренёк, у которого отняли оба сердца?
жүрөгүңө тамак барбаса да, көп ичкин хотя у тебя и нет аппетита, ты (всё же) ешь больше;
жүрөгүмө чай баспайт у меня нет охоты пить чай;
жүрөгүнө ат барбай койду он лишился аппетита (от волнения, страха, болезни);
жүрөгүмө эт барбай турат меня не тянет на мясо;
жүрөгүнө тийген ему приелось, ему опротивело;
жүрөгүмдүн башы болк этти у меня сердце ёкнуло;
маакулбу буга жүрөгүн? фольк. одобряешь ли ты это? (букв. согласно ли на это твоё сердце?);
жүрөгү басылды он успокоился;
жүрөгүм айланып турат меня тошнит;
жүрөк айландыргыч түрдө тошнотворно;
жүрөгү көтөрүлүп турат его тошнит;
жүрөк куйдуруу этн. знахарский способ лечения от испуга: в сосуд с холодной водой, поставленный под голову больного, льют расплавленный свинец, который якобы должен принять форму предмета, послужившего причиной испуга;
жүрөк көтөрт- знахарский способ лечения от испуга: пальцем толкают нёбо (делают это обычно старухи);
бир таштын караанын көрүп, жүрөгү түшүп, кемпирлерге жүрөгүн көтөрттүк (мальчик) увидел силуэт камня и испугался, мы попросили старух полечить его;
жүрөгү калды его отбило от чего-л., у него отбило охоту к чему-л.;
арактан жүрөгү калды у него пропала охота к водке;
жүрөк калды бол- стать запуганным, боязливым;
жүрөк алды кыл- запугать;
жүрөгү өлүп калган он окончательно запуган;
жүрөгү оозуна тыгылды у него (от страха) дыхание спёрло;
жүрөгүм оозума тыгыла түштү я сильно перепугался, у меня сердце ёкнуло;
чыгып кете жаздады эт жүрөгу оозунан фольк. у неё от страха сердце в пятки ушло (букв. чуть сердце не выскочило изо рта);
элдин жүрөгүн алган он запугал, устрашил всех, он на всех страху нагнал;
жүрөгүн алып душмандын, бир кызыкка батышсын фольк. пусть они насладятся страхом врагов;
жүрөгүмдүн сары суусун алды запугал он меня; я испытываю постоянный страх;
жүрөгүм алып учат моё сердце тревожно бьётся, я очень волнуюсь;
жүрөгүм эле жарылып кетчүүдөй алып учат от волнения у меня сердце готово разорваться;
жүрөгүм опколжуп турат меня гнетёт мрачное предчувствие, я в подавленном состоянии;
жүрөгү барбайт он не осмеливается, у него смелости не хватает;
бадал жүрөк см. бадал I;
жүрөк заада см. заада I;
жүрөктүн дүлөйү см. дүлөй;
жүрөк мончок или жүрөк таш см. мончок.

жүрөк

[cürök]
kalb, yürek

жүрөк

жүрөк, жүрөгү, жүрөккө
жүрөгү айлануу
жүрөгү айнуу (айлануу)
жүрөгү айрылуу
жүрөгү ак
жүрөгү алып учуу
жүрөгү ачышуу
жүрөгү даабоо
жүрөгү жаралуу
жүрөгү жибүү
жүрөгү жок
жүрөгү жылуу
жүрөгү кабынан чыгуу
жүрөгү муздоо
жүрөгү оозуна тыгылуу
жүрөгү өлүү
жүрөгү сыздоо
жүрөгү тоо
жүрөгү түпөйүл
жүрөгү түшүү
жүрөгү үшүү
жүрөгү элжирөө
жүрөгүн алуу
жүрөгүн өйүү
жүрөгүн өлтүрүү
жүрөгүн түшүрүү
жүрөгүн чабуу
жүрөгүндө жалы бар
жүрөгүндө кара жок
жүрөгүндө кири жок
жүрөгүндө оту бар
жүрөгүнө тийүү
жүрөгүнө чок салуу
жүрөгүнүн сары суусун
алуу
жүрөк аритмиясы (мед.)
жүрөк заада
жүрөк заадалык
жүрөк кабы
жүрөк кан тамырлары
жүрөк клапандары
жүрөк көтөрүү
жүрөк кысма (мед.)
жүрөк мончок
жүрөк муунтма (астма)
жүрөк токтотуу

жүрөк

зат.. 1. Кан айлануу жолдорунун борбордук органы болгон булчуңдуу баштыкча. Жүрөгүн тыңшап оорунун, Жылмайып доктор сүйлөдү (Бөкөнбаев). Жүрөк оорусу.
2. өт. Негизги борбор, бүткүл бир системаны кыймыл-аракетке келтирип турган кыймылдаткыч күч. Кызыл Москва, таалай нурун таратып, Кең мекенге жүрөк болуп турасың (Шамшиев). Жер жүрөгү Москвадан, Күүлөр ширин тартылат (Бөкөнбаев). Буу казандарын кайнатуучу цех фабриканын жүрөгү (Сасыкбаев).
¨ Жүрөгү түшүү—1) абдан катуу коркуу. Күланда экөөбүздүн жүрөгүбүз түшүп кала жаздады (Жантөшев). 2) катуу коркуудан болгон баланын оорусу. Жүрөккө тийүү — тажатуу, бир нерсени көргүсү келбей калуу. Көп жол жүрүп жүрөгүнө тийген. Жүрөгү оозуна тыгылуу к. ооз. Жүрөгүн алуу — биротоло коркутуп алуу, кайратын качыруу. Бу жүргөн журттун баарысын Жүрөгүн алып болтурду («Манас»). Жүрөк заада болуу к. заада II. Жүрөк айнуу — кускусу келүү. Ай, үйдө ким бар?.. Чылапчын алып чык, жүрөгүм айнып кетти! (Байтемиров). Жүрөгү өлүү — абдан коркуп калуу, жалкып калуу, бир нерсени экинчи кайталабас болуу, көңүлү калуу. Мен маалимге жемелетип баламдын жүрөгүн өлтүрө албайм (Сыдыкбеков). Эр жүрөк — баатыр, эч нерседен тайманбаган. Эр жүрөк адам. Жүрөгү от — кайраттуу, тайманбас эр. Жүрөгүндө кара жок к. кара III. Бок жүрөк — коркок, кайратсыз. Жүрөгү даабоо — коркуу, кайрат көрсөтө албоо. Суу жүрөк к. суу I. Ак жүрөк — ак ниет, адилет. Адам болсо ак жүрөк, адал көңүл, Ага кызык эмес акылсыз өмүр (Шүкүрбеков). Кара жүрөк — ниети бузук, карасанатай, душман. Кара жүрөк Канчоро Кан болуп бийлик жүргүздү («Семетей»). Жүрөк шуу дей түшүү к. шуу II. Эт жүрөк — адамдын башынан өткөргөн жакшылык-жамандык сезимдери топтолгон символ. Энеден эрте муңдуу эт жүрөгүм, Эзилди жакшылыктан үмүт кылбай (Абдыраманов). Чагылды кош көзүнө менин көзүм, Чыдады жарылбастан эт жүрөгүм (Абдыраманов). Таш жүрөк — кайраттуу, тайманбас, баатыр. Жолборс билек, таш жүрөк, Жоодон корккон жан эмес («Манас»). Төртүнчү баатыр таш жүрөк, Баатырлык менен эл сүрөп (Тоголок Молдо).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числожүрөк
Множ. числожүрөктөр
Синонимы
жүрөкчө
Склонение по падежам - "жүрөк"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?жүрөк
Родительный Чей?жүрөктүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?жүрөккө
Винительный Кого?, Что?жүрөктү
Местный Где?, У кого?жүрөктө
Исходный Где?, У кого?жүрөктөн
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?жүрөктөр
Родительный Чьи?жүрөктөрдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?жүрөктөргө
Винительный Кого?, Что?жүрөктөрдү
Местный Где?, У кого?жүрөктөрдө
Исходный Откуда?, От кого?жүрөктөрдөн

Examples of translations: жүрөк

Kyrghyz Russian
жүрөк сердце
эр жүрөк Храбрый
жүрөк клапаны клапан
Анда ал: "Бул сен, оо жүрөк ооруткан", - дейт. Он сказал: "Это вы, O сердец."
Киштин атасы эр жүрөк кайраттуу адам болгон. Отец Киша был храбрым человеком.
Киштин атасы эр жүрөк кайраттуу мергенчи болгон, бирок ал ачарчылык учурунда бир чоң ак аюунун өмүрүн кыюу менен өз элинин өмүрүн сактап калам деп жатып каза тапкан. Отец Киша был очень храбрым человеком, но он встретил свою смерть в время голода, когда он пытался спасти жизнь своего народа, принимая жизнь большого белого медведя.

Examples of translations: жүрөк

Kyrghyz English
жүрөк heart
эр жүрөк brave
жүрөк клапаны the valve
Анда ал: "Бул сен, оо жүрөк ооруткан", - дейт. He said, "It is you, O heartbreaker."
Киштин атасы эр жүрөк кайраттуу адам болгон. The father of Keesh had been a brave man.
Киштин атасы эр жүрөк кайраттуу мергенчи болгон, бирок ал ачарчылык учурунда бир чоң ак аюунун өмүрүн кыюу менен өз элинин өмүрүн сактап калам деп жатып каза тапкан. The father of Keesh had been a very brave man, but he had met his death in a time of famine, when he sought to save the lives of his people by taking the life of a great polar bear.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: