Меню
Эл-Сөздүк

жый

жый I
то же, что жыш;
жын учурайт часто встречается, изобилует.
жый- II
собирать, собирать в кучу; накапливать;
жыйса - жеңдей, жайса - көлдөй загадка соберёшь - как рукав, расстелешь - как озеро (отгадка чий; см. чий I 1);
жаман катын, терисин жыйбай, иттен көрөт погов. дурная баба кожу не убирает, а собаку винит (за то, что она съела кожу);
тапкан-жыйган или жыйган-терген накопленное, то, что заработано и сбережено;
жыйган-терген акча денежные сбережения;
бардыгер тапкан-жыйганым всё, что я собрал и накопил; всё, что имею;
ат ичин жыйбады лошадь не подтянулась, не подтянула брюхо (не спустила лишний жир);
тизгин жый- натянуть поводья;
аттын тизгинин жыйып жүр или оозун жыйып жүр натягивай крепче повод, подтягивай голову лошади;
ат оозун жыйбай пустив коня полным ходом;
оозумду жыйып алгыча "барбайсың" деди не успел я ещё кончить говорить, а он уже сказал "не пойдёшь".

жый

этиш. 1. Бир жерге чогултуу, топтоштуруу, жыйнап алуу. Кызылча жайган талаадан Кыштакка чубап эл жүрдү (Маликов). Даңктуу келин, сен жыйдың Ак булуттай кебезди (Аалы). Кедейлер отун жыйды алда кайдан (Маликов).
  1. 2.                  Үйдүн ичин иретке келтирүү, жууркан-төшөктү, идиш-аякты ж.б. жыйыштыруу, жыйнап коюу. Жүк жый. Идиш-аякты. жыйып кой.
  2. 3.                  Калыбына келтирүү, мурдагысындай болуу; күчөтүү, толуктоо. Эсин жыйды. Эс-учун жыйды. Күч жыйды. Кайратын жыйды.

¨ Оозун жыйып алгыча к. ооз. Аттын оозун жыюу — тизгинин тартуу, тизгинин тартып, басыгын жайлатуу. Тизгин жыюу — аттын оозун тартуу, аттын оозун тартып, жүрүшүн жайлатуу же токтотуу. Аттын тизгинин жыйбай чаап жүрүп отурушту (Бөкөнбаев). Ичин жыюу — ичи тартылып, сынына келүү, табына келе баштоо (ат, көбүнчө тапталган күлүктөр жөнүндө). Жыйган-терген — тапкан ар кандай оокат-тиричилик, мүлк, дүнүйө. Жыйган-терген бирин-эки оокат.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: