Меню
Эл-Сөздүк

Диплом

ДИПЛОМ (гр. diploma – экиге бүктөлгөн документ) – документ: а) жогорку же атайын окуу жайын бүткөндүгү жана тийиштүү адистик берилгендиги, ошондой эле илимий даража берилгендиги; б) кишинин же мекеменин (м.; конкурстун лауреатынын Д-у), болбосо кандайдыр бир укуктун ыйгарылганы тууралуу документ.

диплом

зат. 1. Жогорку жана атайын орто билими, же кандайдыр бир наамы, илимий даражасы бар экендикти күбөлөндүрүүчү документ. Жогорку маалыматы бар экендигин көрсөтүп турган диплом анын колунда («Чалкан»). Тарых илимдеринин кандидаты деген илимий даражаны билдирген диплому бар.
2. Кандайдыр бир укукка же сыйлыкка татыктуу болгондукту, жетишкендикти күбөлөндүрүүчү документ. Биринчи даражадагы диплом. Сууда сүзүү боюнча мелдеште экинчи даражадагы дипломго ээ болду.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: