Меню
Эл-Сөздүк

байге

1. скачки; состязание в беге, в скачках;
аламан байге гандикап (скачки, в которых участвуют лошади любых возрастов);
көр байге или кемеге байге малые скачки (в них участвовали рядовые скакуны, устраивались они накануне главных скачек для менее почтенных гостей);
бүгүн кылдым көр байге, эртең кылам чоң байге фольк. сегодня устроил я малые скачки, завтра устрою большие скачки;
жөө байге состязание в пешем беге, состязание бегунов;
мен кыргызмын, жигитмин, байгеде чыккан күлүкмүн стих. я киргиз, я молодец, я скакун, победивший на скачках;
байгеге кош- выставить (коня) для участия в скачках;
байгеге кошул- (о коне) участвовать в скачках;
2. приз на скачках; уст. приз, премия (вообще);
Көкөтөйдүн көп байге, бир күрөшүп көрсөм деп фольк. у Кокетея много призов, попробую-ка я раз побороться (и взять приз);
мөрөй байгеси менен тийди выигрыш (на состязаниях) достался ещё и с призом;
энеси аттын байгесине келген күң экен его мать, оказывается, рабыня, полученная в качестве приза на скачках;
баш байге первый приз;
байге сай- или байге тик- назначить приз;
тогуз атка байге сайды назначили приз на девять лошадей (т.е. всего девять призов);
байгеге сай- поставить что-л. в качестве приза;
айтышкыла, ырчылар, байгеге торко саямын стих. состязайтесь, певцы, призом ставлю шерстяной (халат);
байгеге сайыл- быть поставленным в качестве приза;
байге ал- получить приз;
байге бер- отдать часть приза, раздать (свой) приз;
байге бербеген күлүк скакун, который не отдаёт приза (т.е. всегда приходит первым);
3. финиш (на скачках);
байгеге жакыя барганда, арасы жакын калганда стих. когда приблизились к финишу, когда расстояние было маленькое;
4. бран. (о человеке) тряпка, шляпа;
кишисиңби, байгесиңби? ты (уважающий себя) человек или тряпка?
и, арам байге! эх ты, шляпа!;
байгеге сайылгыр! бран. чтоб тебе пропасть!
байгеле-: ат байгелеп чабышып стих. соревнуясь на скачках.

БАЙГЕ

БАЙГЕ — мелдеште жеңгендер үчүн берилүүчү сыйлык. Б. ат чабыш, балбан күрөш, эр эңиш жана башкалар ар кандай мелдештерде берилет. Мелдештин Б-син алууга аракеттенүү элдин ар-намысын, кызыкчылыгын коргоодон чыгат. Улуттук салттык оюндар: ат чабыш, балбан күрөш, эр эңиш, эр сайыш, жамбы атуу сыяктуу этнографиялык шаан-шөкөттөрдөгү жана оюн-зооктун Б-син утуп алууда катышкан каармандардын иш-аракети «Көкөтөйдүн ашында» элестүү берилген. Элдик оюндарга коюлган Б-ни балбандык кара күч, эрдик, көзгө атар мергендик, айлакерлик менен жеңип алууга кыргыздардан Манас, Кошой, Алмамбет, Бакай, Чубак, Сыргак жана башкалар катышса, экинчи тараптан алар менен эзелтен эрегишкен атактуу баатыр жоолор — Коңурбай, Жолой, Нескаралар чыгат. Жекеме-жеке мелдеште душман тараптагылар утулуп, мөрөйдү алдырып, ыза болушат. Жалгыз гана Төө чечмейден абийири ачылганына кайыл болгон Ороңгу Б. алат. Даңазалуу ашта өткөн ар кандай мелдештин сыноолорунда элдик баатырлардын эрдик, чеберчилик менен мөрөйдү утуп алышы бардык варианттар үчүн мүнөздүү. Чоң Б. сайылган ат чабыштын Б-си төрт түлүк мал башы менен бычылат. Эпосто Б.:
Көкөтөйдүн өлүгү
Көп адамга той болду.
Баш байгеге сайганы
Сексен миң жылкы, миң атан
Жана жүз миң кой болду,
Тогуз миң толук уй болду,
Эсебин малдын ала албай
Эл жакшысы буй болду,
Жабык башы кундуздай
Жана токсон үй болду (Сагымбай Орозбаков, 3. 146),— деп сүрөттөлөт.

Чоң Б. сайылган тулпарлар жарышында Манастын Аккуласынын биринчи болуп (экинчи Төштүктүн Чалкуйругу, үчүнчү Жолойдун Ачбууданы) келиши кытай, калмак колбашчыларынын намысына тиет. Ат чабышта чыгып келе жаткан Жолойдун Ачбууданын өчтүк менен жыкты деп кытай, калмактар уруш чыгарып, Коңурбай, Жолойлор баш болгон ичи күйгөн жоо:
Көкөтөйдүн ашына
Келимиш болуп кытайлар,
Кагыша турган кези экен.
Түрүнүп кытай, көп калмак
Көкөтөйдүн көп байге

Аны талап алганы (Саякбай Каралаев, 2. 70) гана эмес, Б-ге сайылган малга кошуп кыргыздардын жылкыларын кошо тийип, кууп жөнөшөт. Баскынчылардан малды кайтарып алуу үчүн Манас баатыр казат жарыялайт. Кытай, калмак менен кыргыздардын ортосунда уруш чыгат. Ушундан улам «Көкөтөйдүн ашы экен, көп чатактын башы экен» деген накыл сөз да Б-ге байланыштуу чыккан. Бул бардык варианттарга мүнөздүү.
С. Алиев

байге

зат. 1. Ат чабыш, жарыш. Күлүктүн болот белгиси, Байгеден чыгат сүрөтпөй (Токтогул).
2. Жарышта, мелдеште жеңгендиги үчүн берилүүчү сыйлык. Эпкиндеп терип пахтаны, Колхоздон байге сый алган (Бөкөнбаев). Ат жарышып байге алган Агайын баатыр үлпөткө («Олжобай менен Кишимжан»).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: