абайла- быть осторожным, осмотрительным; остерегаться;абайлап осторожно, осмотрительно;көпүрөөдөн абайлап өт через мост переходи осторожно.
абайла этиш. 1. Этият болуу, сак болуу, сактануу; көңүл бөлуп байкоо. Кылдаттык менен абайлап, Жоонун сырын алгыла! («Мендирман»). Айырбай көздөн дүрбүнү абайлап Жапар тиктеди (Бөкөнбаев). 2. Токтой туруу, коё туруу. — Мария Николаевна, жарым мүнөт абайлаңыз (Бейшеналиев).