Меню
Эл-Сөздүк

ТЕРИНИ МАЛМАГА САЛУУ

кайыш жана кол булгаары жасоонун башталыш ыкмасы. Терини колдо иштетүүнүн бир түрү. Андыктан чеберлер терини суудан алып чыгып, кайрадан күнгө тоборсутат. Чоң жыгач челекке айранды, тузду жана улпакты аралаштырып, ашаткы кылат. Ага ал чылгый терини салат. Бул «малмага салуу» же бодонун терисин «ашаткыга салуу» деп аталат.
      Кайыш булгаары жасоо үчүн бодонун, кайберендин, кээде майда жандыктын териси да малмага салынган. Тери малмага салаарда челденет. Аны күн алыс аралаштырып турат. Тери ашаткыны боюна тарткандан кийин (5— 7 күн) алынат. Челектен чыккан терини кайрадан агын сууга шапшыйт. Анан «талкууга» алынат.
      Азыр айрым чеберлер бодонун сыйрылган терисине 1акиташ салышат. Мында теринин калыңдыгы бир элидей болуп көбөт. Анын жүнүн бычак менен шыпырат.
      Же суу куюлуп, белгилүү өлчөмдө ун салынып, туз 1татыган чоң челекте жыйырма-отуз күндөй терини кез-кез аралаштырып турат. Анан тоборсуган чакта алып, талкууга эт бышымдай ийлегенде кадимкидей эле аппак кайыш пайда болот. Мындан жалаң гана ат жабдыктардын бөлүктөрү кармалат.
      Уйдун терисиң бир күнгө тузга коюп, анан ички бетине керосин сыйпайт. ^н уйдун терисине бир жарым литрге чейин керосин төгүлөт. Аны бүктөп койсо, түгү өзү эле жыдып калат. Күнгө көргөзбөй, улам сызга таштап, талкууга салат. Качан өзүнүн нымы кургаганда даяр ак кайыш пайда болот. Ошентип, тери ийленип бүткөндөн кийин ага автол сыйпап, нымга таштап койсо, кайыш иштөөгө жумшак болот. Кайыш баш-аягы эки-үч күндө эле даярдалат.
      Тери ката түшсө, кыртышы сынат. Эгер тери нымда жатса, майды тез кабыл алат.
      Чеберлердин колдон терини иштетүүдө дагы мындай ыкмасы бар: уйдун терисин сыйраары менен бетине акиташ себет. Анан жүнүн жыдытат. Эгер бычакты тийгизсең, теринин кыртышы, сапаты бузулат. Андан кийин тери «малмага» салынат. Мундуктан ун, айран, улпак — үчөөнү кошуп, малма жасалат. Ал кадимкидей ачып жыттанып чыгат. Ага салынган тери калыңдалат. Малма жылуу жайда турушу керек. Аны улам көрүп турат. Убактысы жеткенде (20 күндөй) алып, көлөкөдө эки күнчө сергитет (Күн көрсө, ал дароо курушат). Эки күнчө талкууга алынат. Ийине канчалык келип, тери жумшак болсо, аны пайдалануу ошончолук жеңил келет. Мындан ак кайыш пайда болот.

Примеры переводов: ТЕРИНИ МАЛМАГА САЛУУ

Кыргызский Русский
тыюу салуу; пресечения;
Жөнгө салуу негизи Объектом регулирования
Жөнгө салуу предмети Предмет закона
Жөнгө салуу предмети Предмет закона
Авариялык тыюу салуу Предупреждение запрета
Жөнгө салуу предмети Предмет регулирования
Жөнгө салуу предмети Предмет регулирования
жөнөтүүнү алып салуу . Отменить отправить?
көчүрүүнү алып салуу . Отмена загрузки.
Эскертүүлөрдү алып салуу. Снятие оговорки.
Акча-кредиттик жөнгө салуу Денежно-кредитное регулирование
берүүүнү алып салуу керекпи? Отменить загрузку?
баяндамасы алып салуу үзүлдү удаление доклад прерывает
көчүрүүнү алып салуу керекпи? Отменить загрузку?
баарын SIM-картадан алып салуу . Отменить все из SIM.
Жалган жарнамаларга тыюу салуу Запрет ложной рекламы
Токойду пайдаланууга чек салуу Ограничение лесных пользований
Жөнгө салуу жана көзөмөл органы Нормативно-надзорный орган
Чалууларга тыюу салуу шартбелгиси . Запрет вызовов пароль.
(кызыл көздөр дефектисин алып салуу) [Уменьшение эффекта красных глаз]

Примеры переводов: ТЕРИНИ МАЛМАГА САЛУУ

Кыргызский Английский
тыюу салуу; interdict;
Жөнгө салуу негизи The object of regulation
Жөнгө салуу предмети Subject of the law
Жөнгө салуу предмети Subject of Regulation
Авариялык тыюу салуу Alert barring
Жөнгө салуу предмети Subject of the law
Жөнгө салуу предмети Subject of Regulation
жөнөтүүнү алып салуу . Cancel send?
көчүрүүнү алып салуу . Cancelling download .
Эскертүүлөрдү алып салуу. Withdrawal of reservation.
Акча-кредиттик жөнгө салуу Monetary-credit regulation
берүүүнү алып салуу керекпи? Cancel uploading?
баяндамасы алып салуу үзүлдү removing the report aborts
көчүрүүнү алып салуу керекпи? Cancel download?
баарын SIM-картадан алып салуу . Cancel all from SIM .
Жалган жарнамаларга тыюу салуу Prohibition of false advertising
Токойду пайдаланууга чек салуу Limitation of forest uses
Жөнгө салуу жана көзөмөл органы Regulatory and supervisory body
Чалууларга тыюу салуу шартбелгиси . Call barring password .
(кызыл көздөр дефектисин алып салуу) [Redeye reduction]

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: