Меню
Эл-Сөздүк

Сүрөөнчүлүк (колдоочулук)

СҮРӨӨНЧҮЛҮК (КОЛДООЧУЛУК) – камкорчулук таризи. Эрезеге жеткен жана аракетке жөндөмдүү жаран денсоолугуна байланыштуу өз укугун жүзөгө ашыра жана коргой албаса же өз милдетин аткара албаса, анда анын өтүнүчү боюнча С. таризиндеги көзөмөлчүлүк коюлат. Сүрөөнчү (жардамчы) камкорчу жана көзөмөлчү орган тарабынан андай жарандын макулдугу менен гана дайындалат жана анын мүлкүн өзара түзүлгөн тапшыруу же ишеним башкаруусунун негизинде тескейт. Көзөмөлчү (жардамчы) тарабынан көзөмөлгө алынган адамды багууга жана анын керектөөсүн канагаттандырууга жумшалуучу турмуш-тиричилик ж. б. бүтүмдөр анын макулдугу менен жасалат. Ал С. алынган жарандын талабы боюнча токтотулат.

Сүрөөнчүлүк (колдоочулук)

Патронаж

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: