Menü
Эл-Сөздүк

Сыноо мөөнөтү

СЫНОО МӨӨНӨТҮ – КР эмгек укугунда жалдоочунун жумушчунун ишкер сапатын текшере турган, ал эми жумушчу өзү иштей турган жердеги эмгек шарты жана чогуу иштей турган эмгек жамааты менен тааныша турган мезгил аралыгы. Сыноо мезгилинин аралыгында жумушчуга карата эмгек жөнүндөгү мыйзамдар, ошондой эле ошол ишканада, мекемеде же уюмда түзүлгөн жамааттык келишим колдонулат. Эгер мыйзам тарабынан башка шарттар каралбаса, С. м. 3 айдан ашык созулбайт. Ага иштөөгө убактылуу жараксыз болгон жана жумушчу белгилүү себептер менен жумушка чыкпаган күндөр буга кошулбайт. С. м-нүн шарттары эмгек келишиминде, жумушка алуу жөнүндөгү буйрукта (тескемеде) көрсөтүлүүгө тийиш. Эгер мындай шарттар көрсөтүлбөсө, С. м-сүз эле ишке кабыл алынган болуп эсептелет. Жумушка кабыл алууда С. м. төмөнкүлөргө белгиленбейт: 18 жашка тололек балдарга; кесипчилик окуу жайын бүтүргөндөргө; ал адамга арналган жерге калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жиберилген майыптарга; боюнда бар жана 3 жашка тололек баласы бар аялдарга. Башка уюмга, башка ишке которулган адамдарга карата да С. м. колдонулбайт.

Сыноо мөөнөтү

Испытательный срок

Примеры переводов: Сыноо мөөнөтү

Kırgız Rusça
сыноо тестирование
ижара мөөнөтү; арендовать период;
Коргоо мөөнөтү. Срок охраны.
Сактоо мөөнөтү: 12 ай Полезное время: 12 месяцев
Жарамдуулук мөөнөтү: Срок годности:
Келишимдин колдонулуу мөөнөтү период соглашение
Патенттин күчүндө болуу мөөнөтү Эффективные условия патента
Патенттин күч-аракетинин мөөнөтү Срок действия патента из
Конвенциянын аракеттенүү мөөнөтү. Срок действия Конвенции.
келишимди колдонуу мөөнөтү жөнүндө. на период действия договора.
сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү; Окончательный срок подачи предложений;
Автордук укуктун колдонулуш мөөнөтү Срок действия авторского права
Мамлекеттик кызматтагы сыноо мөөнөтү Испытательный срок на государственной службе
Президенттин мөөнөтү канчага созулат? Как долго это термин из президента?
Депутаттардын мөөнөтү канчага созулат? Как долго это термин депутатов?
Декларацияны берүүнүн тартиби жана мөөнөтү Порядок и срок подачи декларации
5) жер тилкесин пайдалануу мөөнөтү бүткөндө; 5) истечения срока действия землепользования;
Шашылыңыз! Акциянын аракет мөөнөтү чектелген. Торопитесь! Срок действия акции ограничен.
токойду пайдалануу укугунун мөөнөтү бүткөндө; истечение срока лесопользования;
Товардык белгини каттоонун аракеттенүү мөөнөтү Срок действия товарного знака

Примеры переводов: Сыноо мөөнөтү

Kırgız İngilizce
сыноо testing
ижара мөөнөтү; lease period;
Коргоо мөөнөтү. Term of Protection.
Сактоо мөөнөтү: 12 ай Useful time: 12 months
Жарамдуулук мөөнөтү: Expiry date:
Келишимдин колдонулуу мөөнөтү Agreement period
Патенттин күчүндө болуу мөөнөтү Effective Terms of a Patent
Патенттин күч-аракетинин мөөнөтү Validity Term of a Patent
Конвенциянын аракеттенүү мөөнөтү. Duration of the Convention.
келишимди колдонуу мөөнөтү жөнүндө. on the validity period of the contract.
сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү; the final deadline for submission of proposals;
Автордук укуктун колдонулуш мөөнөтү Effective Period of Copyright
Мамлекеттик кызматтагы сыноо мөөнөтү Probation period in civil service
Президенттин мөөнөтү канчага созулат? How long is the term of a President?
Депутаттардын мөөнөтү канчага созулат? How long is the term of Deputies?
Декларацияны берүүнүн тартиби жана мөөнөтү Procedure and time period for declaration submission
5) жер тилкесин пайдалануу мөөнөтү бүткөндө; 5) expiration of the term of the land use;
Шашылыңыз! Акциянын аракет мөөнөтү чектелген.
токойду пайдалануу укугунун мөөнөтү бүткөндө; expiry of forest use term;
Товардык белгини каттоонун аракеттенүү мөөнөтү The Effective Term of a Trademark

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: