Меню
Эл-Сөздүк

Спецификациялоо

СПЕЦИФИКАЦИЯЛОО (лат. spesificatio , species – түр, facere – кылуу) – 1) жарандык укукта менчик укугунун пайда болушуна алып келүүчү кайра иштетүү ыкмасы; 2) сунушталуучу же алып келип берилүүчү товарлардын тизмеси, мында алардын ар сорту, үлгүсү, артикулу жана зарыл учурларда баасы сыяктуу сапаттык көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт. С. – келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. С-нын бирнече түрү бар: а) жүктөлүп берилүүчү – товарлардын партиясына берилүүчү товар узатуучу документ; эгер товардын партиясы өз-өзүнчө жүк орундарынан турса, орундар боюнча С. түзүлөт; б) өндүрүш жүрүмүндө пайдаланылуучу же алынуучу продукту, чийкизат же материал туура келүүгө тийиш болгон талаптарды камтуучу жана сапатты баалоонун негизи катары кызмат кылуучу документ, келишимдин тиркемеси болуп саналат; в) эсепке карата С. – эсептешүү документинин бир бөлүгү.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: