Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Порнография

ПОРНОГРАФИЯ (гр. рorne – бузукчул жана grapho – жазам) – жыныстык катнашы артараптан ачык жана одоно сүрөттөлгөн, көркөмдүк же илимий баалуулугу жок чыгармалар, басылмалар, сүрөттөр, компьютердик программалар, тасмалар, көрмө жана үнжазуулар, теле жана радио берүүлөр. П. фактысы арбир жолу атайын көркөм эксперттик комиссиянын корутундусу боюнча аныкталат. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында: порнографиялык материалдарды жана буюмдарды мыйзамсыз даярдагандыгы (таркатуу жана жарнамалоо максатында); порнографиялык материалдарды жана буюмдарды таркаткандыгы, жарнамалагандыгы; порнографиялык мүнөздөгү басылмаларды, кино жана көрмө материалдарды, сүрөттөрдү жана башка буюмдарды мыйзамсыз саткандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.

порнография

порнография

Порнография

Порнография



Found words in another language:

RU


Found similar words in another language:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: