Menü
Эл-Сөздүк

көп партиялуулук

многопартийность

Көп партиялуулук

КӨП ПАРТИЯЛУУЛУК – азыркы учурдагы демократиялык мамлекеттерде саясий турмушту уюштуруунун, саясий жана идеологиялык плюрализмдин (көп түрдүүлүктүн) кыйла жалпы принциби болуп саналган негизги конституциялык принциптеринин бири. КРде К. п. принциби биринчи жолу 1990-жылы Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү декларацияда жарыяланган жана азыркы учурда КР Конституциясында бекемделген. Юридикалык жактан К. п. принциби мамлекет жарандардын саясий партияларга биригүү укугун таанырын жана кепилдээрин, баардык партиялардын мыйзам алдындагы теңчилдигин, алардын ишинин эркиндигин билдирет. Эч ким жарандардын кандай гана болбосун бир бирикмесине кирүүгө мажбурланбайт жана бирикмелерге таандыктыгы же таандык эместиги үчүн укуктары чектелбейт.

Көп партиялуулук

Многопартийность

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: