КҮЗГҮ КАП |
Саймачылар орточо күзгү каптын көлөмүн 100x50 см кылышат да, мунун жээгин мүмкүн катар кундуздашат. Бетине сайма көчөттөрү түшкөн күзгү кап илгери кийизден да, таардан да, териден да жана калың кездемеден да жасалган. Күзгү каптын жана текченин эң эски үлгүлөрүндө алтын түспөлдүү муунак-муунак зымча түйүлгөн төкмө, түймө чачылар сеңселип турат. Ага түшкөн көчөттөр «көөкөрчө», «жүрөкчө», «комуз тили», «бугу мүйүз» өңдөнөт. Алардын араларын «суу» ажыратат. Күзгү кап илгери таш күзгүгө чакталып, сүйрүрөөк жасалган. Кийинки күзгү каптар аяк каптан айырмаланбайт. Алардын жердиги жана ага түшкөн көркөм оюм-көчөттөрү бири-биринен анча өзгөчөлөнбөйт. Турмушта буларды буюм катары астектеп колдонуу улам барган сайын басаңдоодо. Тек гана боз үйдүн жалпы сайма жасалгасынын бир бөлүгү катары керегеге тартылуу аркылуу кооз көрүнөт. Айрым «күзгү кап» мурунку салттуу буюм-тайымдардын негизинде жаралуу менен туштукка үндөшүп, аны менен бир бүтүмдү түзүп, көчөттүн көркөм каражатын чечмелей келгенде уздар «чамгаракты» элестетет. Себеби, андагы тор чачык боз үйдүн керегеси өңдөнөт да, мүмкүн жабык баштын же тегиричтин да элесин бердирет. Буюмдун чок ортосундагы табакча сайманы «Түндүк» десек да болот. Жалпы алганда көркөм көчөт түндүктүн чамгарагындай баамдалат. |
Хотите добавить свой перевод для слово: "КҮЗГҮ КАП"?
Ввойти