Меню
Эл-Сөздүк

КУР САЛУУ

КУР САЛУУ — 1) толук багынганын билгизип, кулдук уруп айыбы, кылмышы үчүн бирөөлөрдөн кечирим суроо. Кудай жана башкалар жогорку күчтөрдөн кандайдыр бир көмөк, жардам сурап тиленгенде жасалган жөрөлгө. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча Манас эр жетип, катылган кара кытай, калмактардын катыгын берип, жоосу да, досу да көбөйүп турган чакта Алтай жериндеги кыргыз, казак элинин аксакалдары чогулуп, Ала-Тоого кетүү үчүн кеңешкенде: «Мойнуна курун салынып Боздоп турду Бай Жакып Жаратканга жалынып» (Сагымбай Орозбаков, 2. 218). Ала-Тоого көчүү үчүн ак жол тилейт. Радлов жазып алган вариантта «Семетей» бөлүгүнүн окуясы кырк чоронун чыккынчылыгын баяндоо менен башталат. Аталган эпизоддо Манас баатыр менен жоону бирге жоолашкан, доону бирге доолашкан жоокер чоролор — деп Семетей өтө кадырлаган кырк чоро качканда аларды артынан кууп жетип ызаттаган сезим менен урматтап таазим кылып кайрылуусу жөнүндөгү эпикалык баян айтылат. «Эне болуп үйрөткөн, ата болуп дуулаткан чором, атыңдын оозун бура тур» — деп Семетей Тайбуурулду алдыларына тартат. Кырк чоро болбогондо курун салып, башын тартуу кылат. Эпосто Семетей баатырдын акыркы үмүт, ишеним менен «атамдан калган мурапы» деп кырк чорого тулпар атын тартып, мойнуна курун салып, башын тартуу кылып, өтүнүп турган учуру кечирим суроонун эң жогорку чеги жана жеткен жери.

Примеры переводов: КУР САЛУУ

Кыргызский Русский
тыюу салуу; пресечения;
Жөнгө салуу негизи Объектом регулирования
Жөнгө салуу предмети Предмет закона
Жөнгө салуу предмети Предмет закона
Авариялык тыюу салуу Предупреждение запрета
Жөнгө салуу предмети Предмет регулирования
Жөнгө салуу предмети Предмет регулирования
жөнөтүүнү алып салуу . Отменить отправить?
көчүрүүнү алып салуу . Отмена загрузки.
Эскертүүлөрдү алып салуу. Снятие оговорки.
Акча-кредиттик жөнгө салуу Денежно-кредитное регулирование
берүүүнү алып салуу керекпи? Отменить загрузку?
баяндамасы алып салуу үзүлдү удаление доклад прерывает
көчүрүүнү алып салуу керекпи? Отменить загрузку?
баарын SIM-картадан алып салуу . Отменить все из SIM.
Жалган жарнамаларга тыюу салуу Запрет ложной рекламы
Токойду пайдаланууга чек салуу Ограничение лесных пользований
Жөнгө салуу жана көзөмөл органы Нормативно-надзорный орган
Чалууларга тыюу салуу шартбелгиси . Запрет вызовов пароль.
(кызыл көздөр дефектисин алып салуу) [Уменьшение эффекта красных глаз]

Примеры переводов: КУР САЛУУ

Кыргызский Английский
тыюу салуу; interdict;
Жөнгө салуу негизи The object of regulation
Жөнгө салуу предмети Subject of the law
Жөнгө салуу предмети Subject of Regulation
Авариялык тыюу салуу Alert barring
Жөнгө салуу предмети Subject of the law
Жөнгө салуу предмети Subject of Regulation
жөнөтүүнү алып салуу . Cancel send?
көчүрүүнү алып салуу . Cancelling download .
Эскертүүлөрдү алып салуу. Withdrawal of reservation.
Акча-кредиттик жөнгө салуу Monetary-credit regulation
берүүүнү алып салуу керекпи? Cancel uploading?
баяндамасы алып салуу үзүлдү removing the report aborts
көчүрүүнү алып салуу керекпи? Cancel download?
баарын SIM-картадан алып салуу . Cancel all from SIM .
Жалган жарнамаларга тыюу салуу Prohibition of false advertising
Токойду пайдаланууга чек салуу Limitation of forest uses
Жөнгө салуу жана көзөмөл органы Regulatory and supervisory body
Чалууларга тыюу салуу шартбелгиси . Call barring password .
(кызыл көздөр дефектисин алып салуу) [Redeye reduction]

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: