Menü
Эл-Сөздүк

КУРАКЧЫЛЫК

бычмачылык — тикмечилик өнөрүнүн бир түрү. Бул термин айрым аймактарда «курама» деп да аталып жүрөт. Анын негизги себеби, бир боордош өзбек, тажик элдери менен бул ичкилик кыргыздардын эзелтен этнографиялык тыгыз байланышта экендигин күбөлөндүрөт.
      Куракчылык — илгертеден калган жасалга өнөрү. Ал — ата-бабадан калган салт. Көркөм кол өнөрчүлүктө үнөмдүүлүктү сактоонун негизги шарты. Илгертен курак ыкмасы менен кооздолгон жана өтө кылдаттык менен пайдаланылган буюмдарга кадимкидей колдонмо-жасалга үлгүлөрү кирген. Курак кыздардын себинин да негизин түзөт. Уздар мындан жууркан, төшөк, жаздык, көшөгө, табак кап, кашык кап, күзгү кап, чай туткуч, текче, дасторкон өңдүү буюмдарды жасашкан. Курак буюмдары жүктүн көркүн чыгарат.
      Курак ат жасалгасын түзгөн. Илгери кулакчын кылып жасап, аттын башына кийгизишкен. Демек, кулагынан куйругунун учуна чейин курак менен жасалгаланган атка мингизип алып, күйөөгө узап жаткан кызга чоң энеси насаат ырын айткан. Курак буюмунун жердиги элдик аш-тойлордон жана кыз берип, уул үйлөнгөндө аларга тигилген кийимдерден, даярдалган септин кыркындыларынан болгон. «Тилеги — ушул адамдардай узакка жашап, уул үйлөсөк, кыз берсек» — деген ниети курактан сезилип туруучу.
      Жаздыкка жана келиндин көшөгөсүнө «турна көчөт» түшүрсө, тескерисинче, жерге салынуучу курак төшөккө ал көчөт колдонулган эмес. Бүгүн курак ыкмасы менен жасалгаланган буюмдардын саны жана сапаты мезгилдин учкул талабына жараша өзгөрүүлөргө ээ болууда. Курак буюмдары баркыт, жибек, кыжым, жүн, парча, атлас сыяктуу баалуу жердиктен жасалып, сапаттуулугу жана көркөмдүүлүгү артылууда. Элдин турмуш-тиричилигинин жакшыруусу менен жаны буюмдар пайда болду. Аларга: «диван жапкыч», «керебет жапкыч», «телевизор жапкыч» жана «кресло жапкыч» сыяктууларга байланыштуу жаны терминдер чыкты.
      Күзгү кап, текче жана жаздык (балыш), туштук өңдүү саймаларынын ичке кыюуланган четинен кийин «кунаба курак» (тажатма курак) майда курак, жүргүзүү адатка айланган. Анан кездемеге ирилештирип жылдызча, же бөрү көз (карышкыр көзүнө окшош) өңдөнтүп, куракты окчун-окчун берет. Кайрадан майда «боорсок көз куракты» (төрт чарчы) тажатма куракты түшүрүп, эми буюм жердигинин ортосуна «илмедос саймасы» түшөт.
      Көркөм көчөттөрдү анча коюулантпай, бадал бутактана алуу көрктүү болот. Үйдүн саймачылык өнөрүнөн башка буюмдарга да, эриш-аркак көркүнө-көрк жаратуучу ыкмалардын негизгиси азыр курак болуп саналат. Курактын «каттама курак», «айырма курак», «бөрү көз курак», «турна курак», «каркыра курак» сыяктуулары бар.
      Уздардын кылдаттыгын сынаган түрү «кунаба курак» болуп саналат. (Бул «кунап болдум», «тажап кеттим» деген ойду туюндурат). Мындан курактын эң эле майда, муну тигүү-бычуу өтө татаал экенин түшүнтөт. «Кунаба» деген сөздүн өзү «курак» деген түшүнүктү да билгизет.
      Бычып-тигүү өнөрүндөгү өтө татаал түр ушул куракчылык делгендиктен муну кайчылап, тумарчалап, бирине-бирин туташтырат. Курак негизинен учуктуу ийне аркылуу жүзөгө ашат. Илгери тигүү машинага караганда ийне менен кездемени кыюу-кыюу жеңил болгон жана нарктуудай туюлган. Арийне, курак куроо — ийне менен кудук казгандай. Анткени, жогоруда айткандай, күзгү каптагы, текчедеги, балыштагы, жаздыктагы, туштуктагы курактар өтө майда да, сыйда да түшөт.
      Көрпөчөдөгү, жер төшөктөгү курактарды «катта курак» (чоң курак) дейбиз. Же «жөнөкөй курак» деп аталат. Курактын жердигин илгери илас дечү. Ал ак сүрп менен кара иластан турат. Мындан сырткары кызыл кочкул, ачык кызыл иластан «колтук», «маңгыз» жана «көз» салынат. Бул — жогоруда көрсөткөндөй, элдик куракчылыктын көркөм көчөттөрү болуп саналат.
      Курак элибиздеги байыркы өнөрлөрдөн болот. Куракта деле тигил-бул бир түшүнүктү туюнтууга мүмкүн. Куракчылар «омуртка», «ийрек» жана «жылдызча» өңдүү көркөм көчөт түрлөрүн курак буюмдары үчүн жеринен такай кармап келүүдө.
      Азыр адегенде өөндү же кездемени бычып, текшилеп алышат. Анан түрдүү түстөгү ошол жердикти бир баштан тигүү машинасына коет. Алар көөнүнө жаккан түрдү-көчөттү ошол буюм-тайымга ылайык түшүрүүгө көңүл берет. «Омуртка», «ийрек», «жылдызча» өңдүүлөрдү келтирүүдө кездеменин чымкый өңү жарашык берет. Курак буюмга кара-ак, кара-кызыл, көк-ак түс ажар ачат. Демек, курак буюму бүгүн жеке туш кийизде, күзгү капта, текчеде, туштукта, балышта эле эмес, азыркы үйлөрдүн жаңыча жасалгалоодо шырдак үстүнө курак төшөк салынууда. Дивандын, керебеттин үстүнө жапкыч кылынууда. Телевизор менен радионун бетине тартылууда.
      Курак, бул — жоктон бар кылуучу өнөр. Абалы, ошол ар нерселерден түшкөн өөн-бучкакты тегиз бычып алышыбыз тийиш. Анын бирөөнү чоңураак, экинчисин кичинерээк кылса, ал курагыбыз жасалуучу буюмубузга түз түшпөйт. Ийриленип-сөлпүлөнүп (куракчылар айткандай «жинди курак») болуп калат. Эгер ошол куралып жаткан жерине бирди-жарымы чак келбесе, аны тегиздеп (өзүнчө курап) алышат. Жасалуучу буюмду өтө эле «агала чакмактатып» берүүнүн анча зарылчылыгы болбойт. Куракта элдик саймачылыктай «суусу» (куракта көчөт араларын бөлүүчү белги) үчүн ак менен сары өң укмуштай ачык чечет. Ал эми куракчылар бардык өңдөрдү пайдаланып, аларды айкалыштыра билүүгө чебер келишет. Куракта кооздук өзүнчө «табакча-табакча» болуп келип, «суусу» ак, сары өң аркылуу тегеректелет.
      Курак көчөттөрүнүн түрүн уздар ар түрдүүчө кыла берүүгө да мүмкүн. Бүткөрүлүүчү буюмдун көчөттөрү мындай карасак «кыял» өңдөнүп да кетет. Уздар жүзөгө ашырган курак төшөк, туш кийиз, керебетке жапкыч, телевизорго тарткыч анан жаздыкка койгуч сымал буюмдар ыгына карай сындырылып түшүрүлөт. Курак төшөктөрдү жээктеп туруп, четин кырка тумарчалап коет. Анда төшөктү өйдө-төмөн кылганда бүктөлбөйт жана бырышпайт. Куракты талаптагыдай кооз түшүрүү үчүн өңдү арбын тандап, аларды чаташтырбай айкалыштырып, өөн-бучкакты кылдат тиге билүүгө машыгуу керек.
      «Каттама курак» — негизги курактардын бири. Мында ак-кара кездемелердин өөнү буюмдун негизги жердигин түзөт. «Каттама курак» каттама калама нан өңдөнүп, курак биринин ичинен бири чыгып кеткендей элести берет.
      «Чий куракты» да арбын пайдаланып жаткан уздар бар.
      Бул «кунаба куракка» (тажама курак) окшоп, өтө майда алынат. Анда кездеме өөнү өтө ичке болот. Куракчылар ширеңкенин чийиндей ипичке өөндөн да керектүү буюм жаратышат. Анда төрттөн бир «топ» болуп, мунун ортосуна «тумарча» келет. Ошондо жаздыкта беш топ болот да, алардын чекесине «каркыра канат» (каркыралардын учуп бараткандагы элеси) айланта берилет.
      Жаздык, балыш үчүн «калит куракты» да тигишет. (Кулпуга окшош курак, айрым аймактарда кулпуну «калит» дейт.) Мунун чекесине «турна канат» катар айлантылат. Ал турналар катар учуп бараткандай элестейт. Биз айтып жаткан курак өнөрүнүн бүтүндөй түрүнө «каркыра канат» дайыма келтирилгендиктен аны куракчылыктын «суусу» катары карайт. «Суу» курак көчөттөрдү бири-биринен айырмалап, алардын ажарын ого бетер ачып турган көркөм каражат болуп саналат.
      Уздар «жылдыз куракты» да жүк буюмдарына кеңири пайдаланып келүүдө.
      Курактын табиятына коошо турган өң кара-актан болот. Кара-сары түс да курак буюмдарына узданууга талаптагыдай жооп берет. Кызыл кездемени чарчы-чарчы кылып, көчөттөрдүн, ортосуна «көз катары» салууга мүмкүн. Муну тиккен учурда бир көзүн ак-кара, экинчи көзүн сары-кара кылып тизмектештирип тигип, анда беш-алты «көз» түшүрүлөт. «Көз» — (көзчө түшүрүү) курактын чок ортосундагы көркөм белги.
      Жаздыкка «кирпик курагы» кооздук тартуулайт. Төрт чарчыланган топ куракка көздүн кирпиги сыяктуу муну айланта коет. Ал эми «бөрү көз курагы» көрпөчө үчүн түшүрүлөт. Мында өөндүн ортосуна чоңураак кара-кызыл өңдү жупташтыра коюп, анын чекесине актан «суу» берип, кызылдан чекесине кара түр түшүрүлүп, анан бир элидей «тасма» («жээк») түшөт.
      Мунун негизги жердиги өөн-бучкак болгону менен талаптагыдай туш кийизди курактап жасоодо сөзсүз кездеп кездеме бычууга да туура келет.
      Айрым уздар курактарын жалпысынан «мүйүз курак» кылып да берет. Мында, биринчиден, куракта бир өңчөй өң айлантыла куралып, төрт көз бир «үйдү» түзөт. Ал өң «айлантыла тигилгени» үчүн ортосу уюлгуп, гүл өңдөнүп кетет. Анда алты өң болот, алардын ичинен кызыл-көк өң үстөмдүк кылат. Эки көздү сол айлантканда, эки көздү оң айлантканда, ал жогорудагыдай уюлгубай, ортодон даана өң мүйүз болуп түшөт. Анда төрт өң ич ара шарттуу жупташат. «Жылдызча куракта» ички көчөттөрү менен боек түрлөрүн «бычак учтары» бөлүп турат.
      Гүлдөнтүп, күн карама сымалдантып, ачык, күлгүн, сары, мала түстөр тандалат да, ар бир куракты алты бурчтантып чыгаруу аркылуу өзүнчө «үй» түзүү чеберчилиги көрүүчүлөрдү магниттей тартат. Мында жүздү сары (ток сары, ач сары, мала сары) түс өзүнө оодарып турат. Мындан сырткары төрт бурч (эни бармак басым болот) өөндү алып куроо салты өтө кылдаттыкты билдирет. Бир табакчада он эки сары, сегиз кара, төрт күрөң, бир көк (көзчө) биригет да, ар түрдүү түстөгү мындай табакчаларды «суу» курчап жана бири-биринен бөлүп турат. Айрым курак элементтери алты кызыл өңдө келип, карадан «көз» болот да, четине сарыдан «суу» жүргүзүп, же ак менен короолоп койсо, кооз көрүнөт.
      Короолотуу — курак өнөрүндө табакчаларды бири-биринен бөлүү. Ал «суу» катары милдет аткарат.
      Кыйкындан (өөн-бучкак) чыныгы өнөр жаралбайт. Анткени, ал калдык. Таштандыга ыргытылат. Деген менен андан курак пайда болот. Азыр жеке буюм-тайымдардын эле эмес, өнөр жай өндүрүшүнүн калдыктарын, өөн-бучкактарын кайрадан иштетип, буюм жаратып, элге керектүү товар (буюм) катары каралат.
      «Кереге куракта», сары, кызыл, жашыл, көк, ак өңдөр ортодон орун алат да, күлгүн кызыл, кара, кызыл-сары чеке — четтик көчөт катары түшөт. Анда кесинди-кыйкым ромбик формасында берилет. Ал эми төрт гүл сымалдын араларына омуртка курак түшөт.
      Куракты гүлдөнтүп, күн карама сымалдантып берүүдө ачык, күлгүн, сары мала түстөр тандалат да, ар бир куракты алты бурчтантып чыгаруу аркылуу өзүнчө «үй» түзүү чеберчилиги жаралат. Мында сары (ток сары, ач сары, мала сары) түс өзүнө оодарып турат. Андан сырткары төрт бурч (эни бармак басым болот) өөндү алып куроо салтты да уздук кылдаттыкты билдирет. Бир табакчада он эки сары, сегиз кара, төрт күрөң, бир көк «көзчө» биригет. Ар түрдүү түстөгү мындай табакчаларды «суу» курчап, бири-биринен бөлүп турат. Куракчылардын айрым курак элементтери алты кызыл өңдө келип, бир карадан «көз» болот да, четине сарыдан «суу» жүргүзөт, же ак менен короолоп коет.
      «Каттама курак» мындайынан «кунаба курактай» көрүнүшү мүмкүн. Бирок, бул «кунаба курактан» бир аз чоңураак болот. Мында «Кыйкымы» (кыйыгы) азыраак коюлат. «Кыйкым» — кайчы менен кыркып чыгарган жердиги. Демек, беш катар кара, төрт катар кара-ак курак чыгат.
      «Бөрү көз курагы» жогорудагы курактардан айдан ачык айырмаланып, төрт чарчы болот да, бир аз чон көрүнөт. Мындай курактар Түндүк Кыргызстандын уздарына да кенен тараган.
      «Сегиз пара курагы» тегирмендин барасынан улам пайда болгон. Ошону баткендик уздар символдоштурган. Мында эки өң беттешет. Мисалы, ак-кара, ак-сары, кызыл-кара өңдүүлөр бири-бири менен кыйышат. Мунун араларын «бөрү көз курагы» бөлүп турат.
      Ал эми «он эки пара курагына» да уздар эки өн айкалыштырат. Боз үйдүн жабык башы, тегиричи ордуна тартууга болот. Муну шыптык деп айтат.
      «Шапалак курак» дегени бар. Алакандын отундагы кыйма-чийме издерден улам бул пайда болгон. Чоң бычып, муну менен жер төшөктөрдү, майда бычып, текче, жапсар баштык, күзгү кап жасаса болот.
      «Майда калит курагы» төрт табакчадан турат. Жөнөкөй курактардын катарына кирет. («Катта калит» — «чоң кулпу» деген түшүнүктү берет).
      «Тал курак» да бар. Мында көчөт элементтери төрт катар түшөт. Каттама курактан айырмасы анда сегиз катар көчөт элементи чыгат.
      «Жылдыз курак» аты эле айтып тургандай буюм көчөттөрү жылдызданып кетет. Бул түндүк-түштүктү бирдей аралаган кооздук болуп саналат.
      «Баргек курагы» — бышкан өрүктүн данегин чагып, өзүн ак кылып кургатып алынганын уздар символдоштуруп куракты пайда кылуусу. Мындай куракты Баткен, Лейлек тарапта азыраак кармашат. Ал жөнөкөй курактын катарына кирет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: