КЕРЕГЕ ТАҢГЫЧ |
Мында терменин ортолук көчөтү үчүн адатта, түгөйлүү жүз жипти кара-кызыл өңдө күзүктөйт. Анын четине «кырк шак көчөтүнүн» бир жагы түшөт. Анда түгөйлүү он алты жип болот. Ал эми мунун экинчи тарабы да он алты жиптен турат. Анда көркөм көчөттү ич ара бири-биринен аттын кашкасындай айырмалай турган «чычкан изине» (ала мончогуна) эки четине үчтөн алты тал жуп жип кетет. Анан ак жип менен кара жиптен «секиртме» түшүрөт. Мындан сырткары буга көбүрөөк согуучу мүнөздүү көркөм көчөттөр «тээкче» (кулундун ноктоосунун учуна тагуучу мүйүз того), «сынар ийин» (түгөйү менен бирдей эле жип бир из менен терилет) өңдүүлөр кирет. Ал эми «жээк көчөтү» жана «бото мойнок көчөтү» үчүн он үчтөн жип тандалат. Кереге таңгыч «тегирич» энинде да согулат. |
Хотите добавить свой перевод для слово: "КЕРЕГЕ ТАҢГЫЧ"?
Ввойти