Menu
Эл-Сөздүк

КЕНЖЕКАРА

КЕНЖЕКАРА Калча уулу (1859, Бишкек — 1929, Фрунзе) — ырчы, семетейчи жана кыякчы. К. башка семетейчилерден «Семетей» эпосун кыл кыяктын коштоосунда айткандыгы менен өзгөчөлөнөт. Анын кыл кыяктын коштоосу менен аткарган «Семетей» эпосунан «Семетейдин Айчүрөккө үйлөнүшү» жана «Ак-Бала баатыр жөнүндө ыр» деген чыгарманы сүрөтчү Б. В. Смирнов үнжазгычка (фонографка) жазып алып, орус тилине кара сөз менен которуп жарыялаган. К-нын айтканын Атайбек деген тилмеч которуп берген. Котормо 1914-ж. Москвадан «Түркстандын талааларында» (В степях Туркестана. М., 1914) деген наам менен китеп болуп чыккан. Сүрөтчү К-дан уккан сюжет боюнча Семетей менен Айчүрөктүн жана семетейчинин өзүн эпостун үзүндүсүн кыл кыяктын коштоосу менен аткарып жаткан учурунда сүрөткө тартып алган.


Ошентип, Октябрь революциясына чейин эле «Семетей» эпосунан үзүндү биринчи жолу сүрөтү менен жарык көрөт. Смирнов К. менен кезиккен жана семетейчинин ырдоо манерасын мындайча сүрөттөйт: «Жөнөкөй тери тон кийген, башында шуңшуйган калпагы бар, колуна куржун кармаган кичинекей жалпак кыргыз жакындап келип, шашпай аттан түштү. Бөлмөгө киргенде Кенжекара калпагын алып, топучан калды. Ал орто жашап калган киши эле. Жерге малдаш токунуп отуруп, куржундан аспабын (кыл кыякты — ред.) алып чыкты. Бул аспап биздин скрипкага окшогон кылы бар... музыкалык аспап эле. Ырчы кыяктын кылын кармап көрүп бир-эки жолу чалды... Ал көкүрөктүн тереңинен коңур үн чыгарды. Бул музыкадан жана ырдоодон болгон таасирди айтуу кыйын... Кекиртек менен ырдалган үн музыканын өзүнө ылайык келип жарашып турду. Бул ырчы талаа элине жагат. Балким ал үн чыгарып жатып кыргыздын элдик оозеки чыгармасынын тигил же бул темасын айкалыштырып ырдын мазмунун түзүп жатса керек. Чынында бул (Кенжекара) анык ырчы-баян болсо керек. Ал ырдап жаткан учурда угуучуларга такыр караган жок, өзүн курчап турган кишилерди унутуп койгондой болду». Сүрөтчүнүн К-нын ырдоо ыкмасын баяндаганы академик В. Радловдун ырчылар жөнүндө айтканын толуктайт. К-нын айтуусу боюнча «Семетейди» кырк күн, кырк түн айтууга боло тургандыгы да белгиленген, к. «Кысса Семетей бу-турур».
К. Айдаркулов, С. Алиев


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: