Меню
Эл-Сөздүк

КАЛМАК ӨРҮШ

жөнөкөй өрүмдүн эң эски ыкмаларынын бири. Ага он эки көктүн үстү-астына бирден тал «аркак» болуп түшүп отурат да, бир кыр чыгат. Мында «куюшкандын кошундусуна» чеберлер жыйырма төрт тал тилет. Анын кандай жупталып кеткени жиксиз болот. Өрүмдө тал кайышты тоголок кылыш керек. Андыктан сууга салып, «сыдыргыдан» өткөрүлөт.
      Калмак өрүштүн экинчи түрүндө аны эки талдан алты кыр чыгарып өрүүгө болот. Ат жабдыктарына кайышты бир метр 30 см. кылып тилсек, өргөндө токсон см. ге кыскарат да, ал орточо токулгага чак келет. «Калмак өрүмдөн» «калмак байлоо» деген келип чыгат.
      Чебер тилинген көктү жумурулап, тоголок эшип алат. Аны өткөрүштүрүп байлап отурат. Мындай караганда «чаян түйүштөй» буга «түйүм өрүм» окшошот. Ал — «өткөрүп түйүп» өрүү. Мунун көгү эки бүктөлүп, бири-бирине каршы өткөрүлүп түйүлөт. Булардан «калмак байлоо» түйүмү татаал келет. Буга, үндөш «жарым өрүмгө» тогуз тал кайыш тилинет да, буюмга карата ал жазы да, ичке да болушу тийиш.
      Ат жабдыктарынын жүгөн, куюшкан, көмөлдүрүк, басмайыл, чаболон өңдүү бөлүктөрүн жалпысынан «калмак өрүм» деп да атайт. Анткени, өрүмдөр жазы болот да, бир бүтүмдү түзөт. Бирок, калмак өрүмдүн камчы өрүмгө таандык түрү да бар. Өрүмчү кайыштан сегиз тал тилет да, өрүмү төрт кыр болуп түшөт. Аны айрым жерлерде «казак өрүм» деп аташат. Чынында мындай көркөмдүктү нарындыктар, ат-башылыктар «суйсал» дейт. Өрүмү даана көрүнүп, урунууга бышык болот. Андан сегиз тал төрттөн экиге бөлүнөт да, өрүмү оңдон-солго эки четинен башталат. Эки тал каттай түшүп, бир талы кайра үстүнө чыгат. Өрүмчүлөр «суйсалды» көбүнчө өзү ийлешкен ак кайыштан өрүшкөн. Ал кезек-кезек өтүшүп, камчы өрүмдү да элестетет.

Примеры переводов: КАЛМАК ӨРҮШ

Кыргызский Русский
Анын убагы жетип төлөнө баштаганда, жигит кыйла байып калмак. Он ожидал, что когда он был выплачен что это сделает его хорошо обеспеченных бюргер.
Ошентип ар бир мамлекет өз-өзүнчө экономикалык жактан обочолонуп калмак. И каждая страна будет оставаться изолированной в экономическом плане.
«Бул долбоорду өзүм жалгыз түзгөнүмдү таңуулоо маанисиз сөз болуп калмак... "Для того, чтобы сказать, что я сделал проект в одиночку, было бы абсурдно.
Эгер адамдардын баары алтындын каалаган көлөмүнө алып калышса, ал базарда баркталбай калмак. Если каждый может иметь столько золота, сколько он хотел, он не будет иметь никакого значения на рынке.
Бухгалтердик иште чоңураак же кичирээк сандарды колдонгон дүйнөдө жашаган адамдар үчүн, ал маанисиз, кызыксыз нерсе болуп калмак. Было бы абсолютно неинтересны, несущественно, для людей, были ли они, живущих в мире с большими или меньшими цифрами, которые будут использоваться для учета и отчетности.
Эгер кандайдыр бир нерсе жетиштүү санда болуп, бардык муктаждыктарды канааттандыра алса же муктаждыктарды канааттандыруу үчүн аларды көбөйтүүгө мүмкүн болсо, анда алмашуу иш-аракетинде анын баркы жок болуп калмак. Если что-то имеется в достаточном количестве, чтобы удовлетворить все возможные виды спроса, или может быть увеличена в количестве таким образом, чтобы удовлетворить все возможные виды спроса, то он не имеет никакой ценности в обмене.

Примеры переводов: КАЛМАК ӨРҮШ

Кыргызский Английский
Анын убагы жетип төлөнө баштаганда, жигит кыйла байып калмак. He expected that when it was paid out it would make him a well-to-do burgher.
Ошентип ар бир мамлекет өз-өзүнчө экономикалык жактан обочолонуп калмак. And every country would remain isolated economically.
«Бул долбоорду өзүм жалгыз түзгөнүмдү таңуулоо маанисиз сөз болуп калмак... “To say I did the draft alone would be nonsense.
Эгер адамдардын баары алтындын каалаган көлөмүнө алып калышса, ал базарда баркталбай калмак. If everyone could have as much gold as he wanted, it would have no value on the market.
Бухгалтердик иште чоңураак же кичирээк сандарды колдонгон дүйнөдө жашаган адамдар үчүн, ал маанисиз, кызыксыз нерсе болуп калмак. It would be absolutely uninteresting, immaterial, for people whether they were living in a world with larger or smaller figures to be used for accounting and bookkeeping.
Эгер кандайдыр бир нерсе жетиштүү санда болуп, бардык муктаждыктарды канааттандыра алса же муктаждыктарды канааттандыруу үчүн аларды көбөйтүүгө мүмкүн болсо, анда алмашуу иш-аракетинде анын баркы жок болуп калмак. If something is available in sufficient quantity to meet all possible kinds of demand, or can be increased in quantity in such a way as to meet all possible kinds of demand, then it doesn’t have any value in exchange.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: