Меню
Эл-Сөздүк

КАЙГЫЛ

КАЙГЫЛ — кырк чоронун бири, дайыма чоролордун катарында саналып өтүлөт. Манастын кайынына мал айдашып барганы жана жети кандан келген элчилерди Манастын алдына алпарып салам бердиргени эпосто эскерлет. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо расмисинде аты Карагер жыйырма жетинчи келип К. тагдырына буюрган Үркөрбүбүгө үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 150, 394, 420, 425, 3. 50, 176, 25, 27,_ 44).


Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: