Menü
Эл-Сөздүк

КАЗАКТАР

КАЗАКТАР — этноним. К. кыргыздарга жакын эл катары эпосто кеңири учурайт. «Манас» вариантында чагылдырылган чоң, кичине согуштарга, аш-тойлорго, ар кандай жыйын, кеңештерге урааны, жалпы максаты бир элдей алардын көп сандаган өкүлдөрү катышат. Мисалы, кыргыздардын өз эркиндиги, көз каранды болбостугу үчүн жүргүзгөн күрөштүн ар бир этабында аларга К. баш болгон түрк тилинде сүйлөгөн элдер жардам беришет, союздаштар катары бирге аракеттенишет. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча К. кыргыздардын бир бөлүгү менен бирге Алтайды жердеп турушканы баяндалат:
Алтайдагы казактан
Арбын барды бу тойго.
Кыргыздын байы Бактыгул,
Жакын тууган мына бул.
Казактан Үйшүн карыя,
Алчын менен абагы,
Ата уулудан калганы (Сагымбай Орозбаков, 1.44).

К. «Манас» эпосуна кыргыздар менен бери эле дегенде 15-кылымдан тартып жамаатташ болгондугунун негизинде кирип калганына күмөн жок. Жунгар феодалдык баскынчыларына каршы 16—17-кылымда биргелешип согушкан мезгили «Манас» эпосунда кеңири чагылган. Муну эпостун бардык варианттарында К. жана казактын каны Көкчөнүн катышы да айгинелейт.
И. Молдобаев

Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числоказак
Множ. числоказактар
Склонение по падежам - "казак"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?казак
Родительный Чей?казактын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?казакка
Винительный Кого?, Что?казакты
Местный Где?, У кого?казакта
Исходный Где?, У кого?казактан
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?казактар
Родительный Чьи?казактардын
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?казактарга
Винительный Кого?, Что?казактарды
Местный Где?, У кого?казактарда
Исходный Откуда?, От кого?казактардан

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: