Menu
Эл-Сөздүк

КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ

КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ — кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгындагы өз алдынча салттуу жанр. Негизинен үч чоң топко бөлүнөт, алар өз ара бир канча түрлөргө ажырайт. 1) Үйлөнүү үлпөтүнө, бүлөчүлүккө байланыштуу ырлар: той баштаар, токмок салуу-жар көрүштүрүү, жар-жар, көрүшүү, келиндин бетин ачуу, отко киргизүү, бешик ыры. 2) Үрпадат ырлары: нооруз, жарамазан, ырым-жырым (эм-дом), алкоо, бата-каргыш. 3) Жоктоо ырлары: керээз, угузуу, кошок, көңүл айтуу. Мындан башка жар чакыруу, саламдашуу, коштошуу сыяктуу салттык ырлардын башка да түрлөрү бар.
К.-с. ы-нын багытына, мазмунуна карата аткарыла турган орду жана жанрдык мүмкүнчүлүгүнө ылайык көтөрө турган социалдык-турмуштук, көркөм эстетикалык жүгү болуп, салт-санаалык жөрөлгөлөр менен коштолуп аткарылат. Саламдашуу, коштошуу, жар чакыруу, каргыш, алкоо-бата (к. Алкыш) сыяктуу түрлөрү «Манаска» да кирип, эпостун жанрдык табиятына ылайык баатырдык темага баш ийдирилип, чыгарманын идеялык-мазмундук өзөгүнө сиңип кеткен. Айрыкча керээз, угузуу, көңүл айтуу сыяктуу жоктоо ырларынын эпоско киришин чыгарманын мазмундук өзөгүндө орчундуу орунду ээлеп, чыгарманын идеясын тереңдетип угуучуларга жеткирүүдө, көркөм, эстетикалык таасирин арттырууда мааниси зор. Дегеле манасчылардын К.-с. ы-н пайдалануусу жөн жай кооздук же ар түрдүүлүк үчүн эмес, белгилүү бир чыгармачылык максатты көздөйт. Бул же тигил окуянын маңызын ачып, эмоциялуулугун арттырууга, турмуштук көрүнүштөрдү көтөрүңкү эпикалык-баатырдык маанайда баяндоодо пайдаланылат. Мындай жагдай кандайдыр бир деңгээлде салттык ырлардын жанрдык табиятынын жаңыланышын аныктайт.
Саякбай Каралаевдин варианты нда Манас баатырдын Алмамбет, Сыргак, Чубак баштаган чоролорунун теңдешсиз кармашта шейит болгонун элге, алардын жесирлери Арууке, Бирмыскал, Бурулчага өкүрүп ыйлап угузуп турганы армандуу жоктоосу, жесирлердин муң-зары жана айкөлүнөн ажырап, жалгыз уулу Семетейди каякка качырып баш калкалатарын билбей жан алакетке түшүп турган Каныкейдин армандуу кошогу, эл атасы Кошойдун Манасты жоктоосу, Алмамбет менен Манастын армандуу керээзи жогорку көркөмдүктө, терең психологизм менен берилген. Философиялык терең мазмунга ээ Көкөтөйдүн керээзи (Сагымбай Орозбаковдун вариантында) да угуучуларды кайдыгер калтырбайт. Бирок, «Манастын» бардык эле варианттарында К.-с. ы-нын алган орду, көтөргөн жүгү бирдей эмес. Ал ар бир манасчынын талантынын күчүнө, чыгармачылык баамынын кеңдигине жараша ишке ашат. Мисалы, Радлов жазып алган вариантындагы К.-с. ы-нын стили турмуштук ырларга көбүрөөк жакын болуп, баатырдык тема ачык көрүнбөйт. Бул Манастын өлгөнүн (биринчи өлүшүн) Алмамбеттин Жакып канга угузуп турган жеринен, Манастын керээзинен көрүнөт. Тескерисинче Саякбай Каралаевдин варианты нда жоктоо ырлары күчтүү айтылып, салттык ырлардын чегинен чыгып, баатырдык эпостун табиятына баш ийдирилип, багыты, стили жаңыланган. Буга Саякбай Карала уулунда Манастын Алмамбетти жоктоосу ачык күбө. Мисалы,
Алтын айдар чок белбоо
Алмамбет достум, ала жат,
Колоттогу карагат,
Кол кармашып кеткенге
Кокуй күн Алмам, ала жат

сыяктуу салттуу ыр саптарын баатырдык эпостун салмагын көтөрө турган:
Алакем, кара жаак айбалта
Кайкалатпай ким аштайт?
Каран түн түшкөн Бээжиндин
Кадимки жолун ким баштайт?

өңдүү ыр жолдору менен бекемдеши чыгармадагы баатырдык идеяны тереңдетет.
Армандуу ыргакта айтылган Кошойдун Манасты жоктоосу да баатырдык теманы тереңдетип, көркүнө чыгарат. Кошой Манастан мурун өлбөй, айкөлдүн артында калганына, башчысыз калган кыргыздын тагдырына жаны кейип, аңгырап ыйлап, муңдуу жоктойт:
Манасым, кара жаак айбалта
Кайкалатпай ким аштайт?
Алакандай журтумду,
Муну капа кылбай ким баштайт?
Долоно саптуу айбалта
Толгондурбай ким аштайт?
Тозок келсе кытайдан
Береги толкуп жаткан журтумду
Тополоң кылбай ким баштайт (Саякбай Каралаев, 2.246).

Каныкейдин кошогу да кадимки салттуу поэзиянын нугунда айтылат: «Кара чачы жайылып, кандуу бети жыртылып», кара кийип кайгыга баткан кан баатырдын жесири асылынан айрылгандагы армандуу күйүтүн кошокто чагылыштырат. Саякбай Каныкейдин күйүтүн төрт сап ырда эле апыртуу ыкмасы менен таасын тартат. Айкөлүнөн ажыраган Каныкей «тарак тийбес кара чачынан» жулуп ыргытканда «тал-тал токой бүтөт», көз жашынан «дайра болуп кара суу агат». Бирок, кантсе да кошокто аялдын жеке кайгысына караганда баатырдын артындагы туягы жаш, башчысыз калган кыргыз калкынын тагдыры, келечеги жөнүндөгү ой, ата журт темасы алдыңкы катарга чыгат:
А дүйнө кеткен сен болдуң,
Азапты тарткан мен болдум.
Береги кара жаак айбалтаң,
Кайкалатпай ким аштайт?
Сурап ичсе тойбогон,
Сугалагын койбогон,
Аргын кыргыз элиңди
Тополоң кылбай ким баштайт? (Саякбай Каралаев, 2.249).

Эпосто өз орду жана чыгармачылык чеберчилик менен колдонулган жоктоо ырлары окуянын кульминациялык чегин, башкача айтканда жалпы кыргыз журтчулугунун башына күн түшүп тургандыгын угуучулардын сезимине жеткирүүдө зор роль ойнойт. Эпосто берендерден ажырап, казаттан кайгылуу кайткан Манаска Каныкейдин көңүл айтуусу кадимки каада-салт ырынын нугунда, салтында түзүлгөн. Мазмуну, формасы жагынан элдик көңүл айтуу ырына жакын. Саякбай Каралаевдин варианты нда окко учкан чоролорунун сөөгүн жерге тапшырып, алапайын таппай жер жаңыртып, өкүрүп турган Манаска Каныкей нускалуу сөз таштайт. «Телегейи тең да өтүп, ааламды гана бузган шер да өтүп» дүйнөгө түркүк болгон адамдын жоктугун, Чубак, Сыргак, Алмамбет айта берсе түгөнбөс асыл эрлерден экендигин баяндай келип:
Эчен бир дөбө жер өткөн,
Баатыр ай, ал эмес атабыз Адам тең өткөн.
Өткөнгө өксөгөн менен айла жок,
Кеткендерге кейиген менен пайда жок (Саякбай Каралаев, 2.225),

— деп, баатырдын көңүлүн жубатат.
К.-с. ы-нын байыркы түрүнөн болгон керээз (Көкөтөйдүн, Алмамбеттин, Манастын) көпчүлүк манасчылардын репертуарынан орун алса да, ар бир вариантта ар кандай көлөмдө, ар башка көркөмдүк деңгээлде, мазмундук айырмачылыктары менен айтылат (к. Керээз). Сагымбай Орозбаковдун вариантында Көкөтөйдүн керээзи лирика-эпикалык деңгээлге көтөрүлсө, Саякбай Каралаевдин варианты нда Манастын керээзи көлөмдүү, мазмундуу жана көркөм айтылып, эпостун корутунду бөлүмүнүн окуясынын өнүгүшүндө ролу чоң. Радлов жазып алган вариантта Манастын бир уядан жалгыздыгына басым жасалып, керээз турмуштук эпостун стилине жакыныраак айтылат.
«Манаста» алкыш-бата, каргыш, ант берүү сыяктуу байыркы каада-салттык ишенимдерге байланыштуу түзүлгөн афоризмдик курулмалардын поэтикалык формалары кеңири орун алып, эпостун табиятына ылайык көбүнесе баатырдык мүнөз алып, алардын жанрдык мүмкүнчүлүгү бир топ кеңейген. Мисалы,
Кабылан болгун, шер болгун,
Казына мүлкүң тең болсун,
Касташкан жооң кем болсун.
же
Ок өтпөгөн тондуу бол,
Ок жетпеген аттуу бол.
же
Жолуң кыдыр шар болсун,
Жолдошуң кызыр эр болсун,
Телегейи тең болсун,
Теминишкен душманың
Теги кырылып, кем болсун жана башкалар.

Кан Кошойдун Каныкейге берген батасында айтылыш формасында, структурасында салттуулук толук сакталгандыгына карабастан, айрыкча Саякбай Каралаевдин варианты нда батанын багыты, мазмуну бир топ кеңейип, көркөмдүгү арткан:
Бу Семетей эр болсун,
Кара кулак шер болсун,
Эңкейиштен эр сайсын,
Эченди катар бир сайсын!
Телегейи тең болсун,
Теңиз Манас тукуму
Атасындай шер болсун!
Белеске күйгөн от болсун!
Бет алган душман жок болсун (Саякбай Каралаев, 2. 46).

«Манас» эпосунда саламдашуу, коштошуу сыяктуу К.-с. ы. негизинен чыгарманын мазмундук өзөгүнө сиңип, каармандардын өз ара пикир алмашуу, сүйлөшүү каражатына айланып, стили да ошого ылайыкташып кеткен. Айрым учурда салттык саламдашуу ырлары эпостун каармандарынын кулк-мүнөзүнө, пикир алмашуунун багытына ылайык поэтикалык мүнөз алып, байыркы формасын сактап калган.
Урааның ким, дайның ким?
Уругуң ким, айлың ким?
Тукумуң ким, дайның ким?
Балам, туура чыккан айлың ким?
Балам, киндигиң кескен жериң ким?
Балам өнүп өскөн элиң ким? (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.226).

Жар чакыруу — салттык ырдын калк арасына кеңири тараган түрлөрүнүн бири. Манасчылардын көпчүлүгүнүн репертуарынан орун алып, Көкөтөйдүн ашында чабыла турган тулпарлар, аштагы оюн-зооктун сыпатталышы, жеңүүчүлөргө берилүүчү байгелер жөнүндө кабарлоо өзүнчө бир социалдык, таанытуучуэтнографиялык жана эстетикалык мааниси бар көркөм дүйнөнү түзөт (к. Жар чакыруу).
Эпостун идеялык-мазмундук, поэтикалык системасында К.-с. ы-нын ээлеген орду, көтөргөн жүгү ачык көрүнүп турат.
Б. Кебекова

Examples of translations: КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ

Kyrghyz Russian
каада церемония
- элдердин үрп-адаттарына жана каада-салттарына урматтоо менен мамиле кылууга; - Взять уважительное отношение к обычаям и традициям народов;
жалпы адамзатка тиешелүү адеп-ахлактык талаптарды, улуттук каада-салттардын асыл нарктарын жактаарыбызды билдирип; провозглашая свою приверженность национальных этнических традиций и моральным принципам общечеловеческих;
Ал каада-салттарга талапты катуу койгон катаалдык дагы, ошол эле маалда, суфизмдин поэтикалык мистицизми дагы мүнөздүү болгон. И эти традиции менялись от жестко строгий, к поэтическому мистике суфизма.
Кадастрдык карталар жана пландар салт болуп калган аналогиялык түрдө да, ошондой эле электрондук түрдө да түзүлөт жана жаңыланат. Карты кадастровые и планы должны быть подготовлены и обновляются как в традиционной аналоговой, так и в электронном формате.
Айрымдары зордук-зомбулуктан, башкалары каада-салттын капканынан, жокчулуктан качып, же жөн эле мүмкүнчүлүктүн жогунан улам келишет. Одни бегут от насилия, другие оковы обычаю, бедности или просто отсутствия возможностей.
Кылымдарды карытып келе жаткан кандай гана салт болбосун, ал башынан сенектик мезгилдерди дагы, гүлдөп-өнүккөн мезгилдерди дагы өткөргөн. Как и любой традиции с историей, охватывающей столетия, она имела свои периоды застоя, а также его периоды цветения.
Бул жамааттын кийим-кечелерин жана каада-салттарын үйрөнгөн соң, аларды америкалык жашоонун кичинекей майрамдары менен тааныштыра баштады. Как он узнал о костюмах и обычаях этого сообщества, он разделяет с ними небольших торжеств американской жизни.
Кыргыз Республикасында адам укуктарына жана эркиндиктерине каршы келбеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат. В Кыргызской Республике народные обычаи и традиции, не противоречащие правам и свободам человека, поддерживаются государством.
Американын гениалдуулугу ушул диндердин америкалык салт менен жуурулушуп, Америка ырына жаңы ноталарды кошумчалоосуна мүмкүнчүлүк бергендигинде. Американский гений заключается в давать этим людям возможность внести свой текстуру американской традиции, чтобы добавить новые ноты в песню Америки.
Учурдагы демократия, Европадагы өнөр-жай соода коомунун келип чыгышы менен, акыркы үч кылымда өзгөрүүгө учураган саясий каада-салттарды артка таштаган. Современная демократия выросла из политических традиций, которые были преобразованы в течение последних трех столетий в связи с появлением промышленного коммерческого общества в Европе.
Жарандык коом, бир дагы каада-салтка башкаларды түптөөгө мүмкүндүк бербеген жана адамдар бири-бирине сабырдуулук менен мамиле жасашкан дүйнө бойдон калышы керек. Гражданское общество должно оставаться сфера взаимной терпимости, в котором нет определенной традиции не несет полномочия формировать другие.
Бирок жаңы келгендердин каада-салты жана дини менен тааныш эмес айрым адамдар аларга чоочун катары карап, булар эч качан чыныгы америкалык боло албайт деп ойлошкон. Но некоторые, не зная обычаев и религий приезжих, относился к новым американцам как к чужакам и считал, что они никогда не смогут стать настоящими американцами.
Ислам дининин табияты менен каада-салттарын эске алсак, анда көп түрдүүлүк өкүм сүргөн демократиялык жарандык коомду гүлдөтүүнү көздөгөн ниетибизге шек келтирген эч нерсени таба албайбыз. Учитывая его природу и традиции, то, что нет ничего в исламе, что должно дать нам повод для беспокойства, если наш интерес к расцвету демократического гражданского общества отличались разнообразием.
Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого, Кыргыз Республикасынын элдеринин каада-салттарына жана үрп-адаттарына урматтоо менен мамиле жасоого милдеттүү. Лицо, признанное беженцем в Кыргызской Республике с соблюдением требований законодательства Кыргызской Республики и уважать традиции и обычаи народов в Кыргызской Республике.
Ушул каада-салттар биздин (ар түрдүү) кандай нерсе көзгө жагымдуу жана адептүү, кандай нерсеге умтулууга болот, ал эми кандайына тыюу салынган, эмнени ыйык, эмнени күнөө деп санасак болот деген түшүнүктөрүбүздү чагылдырат. Эти традиции воплощают наши (различные и разнообразные) понимание того, что есть эстетическое и моральную ценность; что стоит стремясь и то, что является табу; что это святое, а что осквернить.
Каада-салттар же шарттуу белгилер топтому же мыйзамдардын адамдарга карата, алардын бир жерде турганда же бир юрисдикциядан башкасына өткөндө кандайча колдонулаарын белгилеген мыйзам механизмдери болгондо гана, коом толук кандуу жашап кете алат. Для общества, безусловно, существует, когда есть некоторые созданы набор обычаев или конвенций или правовых механизмов, определяющих, как законы применяются к лицам оставаться ли они попали или перемещаются из одной юрисдикции в другую в пределах большей
Мына так ушул жоопту азыркы мезгилдеги жарандык коомго карата колдонсо болот. Мындай шарттарда жарандык коомдогу коомчулуктардын, бирикмелердин жана каада-салттардын көп түрдүүлүгүнө сабырдуулук менен мамиле жасаган саясий мекемелер талап кылынат. Это ответ, который подходит для современного, гражданского общества. Нужны политические институты, которые будут терпеть разнообразие сообществ, ассоциаций и традиции, которые должны быть найдены в гражданском обществе.
Укукка ылайык жарыяланган музыкалык чыгармаларды расмий, диний жана өлүк көмүү каада-салттарынын убагында мындай каада-салттардын мүнөзүнө жооп берген көлөмдө автордун макулдугусуз жана автордук акчалай сыйлык төлөбөстөн калк аткарууга жол берилет. Публичное исполнение правомерно опубликованных музыкальных произведений во время официальных, религиозных и погребальных церемоний в объеме, оправданном характером таких церемоний допускается без согласия автора и без выплаты авторского compen
Алини анын Исламга болгон бимлими, чынчылдыгы, берилгендиги, Мукамбетке абдан берилгендиги, бардык мусулмандарга бирдей мамиле кылганы, өзүнүн жеңилген душмандарынын баарын кечиргени үчүн сыйлайбыз, ошондуктан Ислам каада салттарында S сыяктуу борборук ка Али уважают за его знания, вера, честность, разгибание приверженность исламу, глубоко лояльности к Мухаммаду, равное отношение ко всем мусульманам и великодушие, прощая его поверженных врагов, и, следовательно, занимает центральное место в мистических тра

Examples of translations: КААДА-САЛТ ЫРЛАРЫ

Kyrghyz English
каада ceremony
- элдердин үрп-адаттарына жана каада-салттарына урматтоо менен мамиле кылууга; - take a respectful attitude to peoples' customs and traditions;
жалпы адамзатка тиешелүү адеп-ахлактык талаптарды, улуттук каада-салттардын асыл нарктарын жактаарыбызды билдирип; proclaiming our adherence to national ethnic traditions and to moral principles common to all mankind;
Ал каада-салттарга талапты катуу койгон катаалдык дагы, ошол эле маалда, суфизмдин поэтикалык мистицизми дагы мүнөздүү болгон. And those traditions have varied from the harshly austere, to the poetic mysticism of Sufism.
Кадастрдык карталар жана пландар салт болуп калган аналогиялык түрдө да, ошондой эле электрондук түрдө да түзүлөт жана жаңыланат. The cadastre maps and plans shall be prepared and updated both in traditional analog, and in electronic formats.
Айрымдары зордук-зомбулуктан, башкалары каада-салттын капканынан, жокчулуктан качып, же жөн эле мүмкүнчүлүктүн жогунан улам келишет. Some were escaping violence, others the shackles of custom, poverty, or simple lack of opportunity.
Кылымдарды карытып келе жаткан кандай гана салт болбосун, ал башынан сенектик мезгилдерди дагы, гүлдөп-өнүккөн мезгилдерди дагы өткөргөн. Like any tradition with a history spanning centuries, it has had its periods of stagnation as well as its periods of flowering.
Бул жамааттын кийим-кечелерин жана каада-салттарын үйрөнгөн соң, аларды америкалык жашоонун кичинекей майрамдары менен тааныштыра баштады. As he learned about the costumes and customs of this community, he shared with them small celebrations of American life.
Кыргыз Республикасында адам укуктарына жана эркиндиктерине каршы келбеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынан колдоого алынат. In the Kyrgyz Republic, folk customs and traditions which do not contradict human rights and freedoms are supported by the state.
Американын гениалдуулугу ушул диндердин америкалык салт менен жуурулушуп, Америка ырына жаңы ноталарды кошумчалоосуна мүмкүнчүлүк бергендигинде. The American genius lies in allowing these souls to contribute their texture to the American tradition, to add new notes to the American song.
Учурдагы демократия, Европадагы өнөр-жай соода коомунун келип чыгышы менен, акыркы үч кылымда өзгөрүүгө учураган саясий каада-салттарды артка таштаган. Modern democracy has grown out of the political traditions which were transformed over the past three centuries by the emergence of industrial commercial society in Europe.
Жарандык коом, бир дагы каада-салтка башкаларды түптөөгө мүмкүндүк бербеген жана адамдар бири-бирине сабырдуулук менен мамиле жасашкан дүйнө бойдон калышы керек. Civil society has to remain a realm of mutual toleration in which no particular tradition assumes the authority to shape the others.
Бирок жаңы келгендердин каада-салты жана дини менен тааныш эмес айрым адамдар аларга чоочун катары карап, булар эч качан чыныгы америкалык боло албайт деп ойлошкон. But some, unfamiliar with these newcomers’ customs and religions, treated the new Americans as outsiders and believed they could never be real Americans.
Ислам дининин табияты менен каада-салттарын эске алсак, анда көп түрдүүлүк өкүм сүргөн демократиялык жарандык коомду гүлдөтүүнү көздөгөн ниетибизге шек келтирген эч нерсени таба албайбыз. Given its nature and traditions, then, there is nothing in Islam that should give us cause for concern if our interest is in the flourishing of a democratic civil society marked by diversity.
Кыргыз Республикасындагы качкын деп таанылган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого, Кыргыз Республикасынын элдеринин каада-салттарына жана үрп-адаттарына урматтоо менен мамиле жасоого милдеттүү. A person recognized as a refugee in the Kyrgyz Republic shall comply with the legislation of the Kyrgyz Republic and respect the traditions and customs of nations in the Kyrgyz Republic.
Ушул каада-салттар биздин (ар түрдүү) кандай нерсе көзгө жагымдуу жана адептүү, кандай нерсеге умтулууга болот, ал эми кандайына тыюу салынган, эмнени ыйык, эмнени күнөө деп санасак болот деген түшүнүктөрүбүздү чагылдырат. These traditions embody our (various and diverse) understandings of what has aesthetic and moral worth; of what is worth aspiring to and what is taboo; of what is sacred and what is profane.
Каада-салттар же шарттуу белгилер топтому же мыйзамдардын адамдарга карата, алардын бир жерде турганда же бир юрисдикциядан башкасына өткөндө кандайча колдонулаарын белгилеген мыйзам механизмдери болгондо гана, коом толук кандуу жашап кете алат. For a society surely exists when there is some established set of customs or conventions or legal arrangements specifying how the laws apply to persons whether they stay put or move from one jurisdiction to another within the greater realm.
Мына так ушул жоопту азыркы мезгилдеги жарандык коомго карата колдонсо болот. Мындай шарттарда жарандык коомдогу коомчулуктардын, бирикмелердин жана каада-салттардын көп түрдүүлүгүнө сабырдуулук менен мамиле жасаган саясий мекемелер талап кылынат. This is the answer which is appropriate for modern, civil society. What is needed are political institutions which will tolerate the diversity of communities, associations, and traditions which are to be found in civil society.
Укукка ылайык жарыяланган музыкалык чыгармаларды расмий, диний жана өлүк көмүү каада-салттарынын убагында мындай каада-салттардын мүнөзүнө жооп берген көлөмдө автордун макулдугусуз жана автордук акчалай сыйлык төлөбөстөн калк аткарууга жол берилет. Public performance of lawfully published musical works during official, religious and funeral ceremonies in the volume justified by the nature of such ceremonies shall be allowed without the consent of the author and without payment of the author's compen
Алини анын Исламга болгон бимлими, чынчылдыгы, берилгендиги, Мукамбетке абдан берилгендиги, бардык мусулмандарга бирдей мамиле кылганы, өзүнүн жеңилген душмандарынын баарын кечиргени үчүн сыйлайбыз, ошондуктан Ислам каада салттарында S сыяктуу борборук ка Ali is respected for his knowledge, belief, honesty, unbending devotion to Islam, deep loyalty to Muhammad, equal treatment of all Muslims and generosity in forgiving his defeated enemies, and therefore is central to mystical traditions in Islam such as S

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: