Меню
Эл-Сөздүк

ИБРАИМОВ

ИБРАИМОВ Кубат (1948, Ат-Башы району, Ак-Муз айылы) — фольклор изилдөөчү, педагог, филология илиминин кандидаты (1987). Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1972). Мектепте мугалим, Кыргыз республикасынын ИАсынын ТАИде улуу илимий кызматкер болуп эмгектенген. И. кыргыз фольклоруна арналган 40ка жакын илимий макалалардын автору. Ал белгилүү фольклор жыйноочу, айрыкча «Манас» эпосун жазып алууда чон эмгек сиңирген Ыбырайым Абдрахман уулунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган «Ыбырайым Абдрахманов» аттуу монография (1987) жазган.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: