Меню
Эл-Сөздүк

Жекече укук

ЖЕКЕЧЕ УКУК – жекече кызыкчылыгын канагаттандырууга байланыштуу максаттарга жетүүгө багытталган жарандардын же уюмдардын мүмкүн болгон жүрүм-туруму мыйзам тарабынан камсыз кылынган чаралар. Укук жөндөмдүүлүгү, т. а. укукка ээ болууну жалпы (шарттуу) жөндөмдүүлүгү Ж. у-тун белгиси болуп саналат. Ж. у. – айкын укук мамилелеринин зарыл катышы, демек, юридикалык фактынын негизинде келип чыгат. Ж. у. өзалдынча белгилүү бир аракеттерди (жүрүм-турумду) жасоо мүмкүнчүлүгүн да, ошондой эле башка жактардан белгилүү бир жүрүм-турумду (аракет кылуу же андан кармануу) талап кылуу мүмкүнчүлүгүн да өзүнө камтып турат, анткени, мындай жүрүм-турум Ж. у-ту жүзөгө ашырууну шарттап турат. Ж. у-ту бузуучуларга карата сотто же ыйгарым укуктуу органдарда кине коюу жолу менен, Ж. у. мыйзам тарабынан корголот.

Жекече укук

ЖЕКЕЧЕ УКУК – адамга туулгандан тартып эле таандык болгон жана анын кандайдыр бир мамлекет менен байланышына көзкаранды болбогон табигый жана ажыратылгыс негизги укук менен эркиндиктеринин жыйындысы. Ж. у. менен эркиндик адамдын укуктук статусунун негизин түзөт. Ага адамдын жашоо, эркиндик, денебой жактан бүтүндүүлүк жана жекече колтийбестик укуктары; кыйноого алынбоо же адамдык беделине катуу доо келтире турган жазалоолорго алынбоо укуктары; ар-намысын жана өз атын таза сактоо, эркин жүрүү жана жашоочу жерин эркин тандап алуу укуктары; өз өлкөсүнөн кетүү жана каалаган учурунда кайрылып келүү укуктары; соттук коргоого жана сот акыйкатына, дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө укук объектиси катары таанылууга укуктары; өз оюн ачык билдирүү, адептик жана ишеним эркиндиги; сөз эркиндиги жана аны билдирүү укуктары; өз улутун эркин аныктоо жана эне тилин пайдалануу ж. б. укуктар кирет. КРде Ж. у. мыйзам тарабынан кепилдикке алынат.

Жекече укук

Субъективное право

Жекече укук

Личные права

Примеры переводов: Жекече укук

Кыргызский Русский
укук; правильно;
Укук ээлери. Владение.
Автордук укук Право авторства
автордук укук; Право авторства;
Котормого укук. Право на перевод.
Укук субъекттери Субъекты права
Укук субъекттери Субъектов права
Укук башкармалыгы Юридический отдел
-Укук башкармалыгы #ИМЯ?
Ысымга болгон укук Право на имя автора
ысымга болгон укук; право на имя автора;
Мамлекет жана укук. Правительство и право.
Коррупциялык укук бузуулар инциденты Коррупционные
Концессиялык укук мамилелери Концессионные правоотношения
Өзгөчө укук жана менчик укугу Исключительные права и имущественные права
Фирмалык аталышка болгон укук Право на фирменное наименование
Кызматтык чыгармага болгон укук Право на бизнес работа
Товардык белгиге карата өзгөчө укук Исключительное право на товарный знак
Корголуучу укуктарды сактоого укук. Право на обеспечение соблюдения охраняемых прав:
Жекече консультанттарды тандап алуу Подбор индивидуальных консультантов.

Примеры переводов: Жекече укук

Кыргызский Английский
укук; right;
Укук ээлери. Ownership.
Автордук укук Right to Authorship
автордук укук; right to authorship;
Котормого укук. Right of Translation.
Укук субъекттери SUBJECTS OF LAW
Укук субъекттери SUBJECTS OF LAW
Укук башкармалыгы Legal Department
-Укук башкармалыгы - Legal Department
Ысымга болгон укук Right to Author's Name
ысымга болгон укук; right to author's name;
Мамлекет жана укук. Government and Law.
Коррупциялык укук бузуулар Corruption incidents
Концессиялык укук мамилелери Concession legal relationships
Өзгөчө укук жана менчик укугу Exclusive Rights and Proprietary Rights
Фирмалык аталышка болгон укук Right to Firm Name
Кызматтык чыгармага болгон укук Right to Business Work
Товардык белгиге карата өзгөчө укук Exclusive Right to a Trademark
Корголуучу укуктарды сактоого укук. Right to Enforce Protected Rights:
Жекече консультанттарды тандап алуу Selection of individual consultants.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: