Menu
Эл-Сөздүк

ЖЫЛ СҮРҮҮ

ЖЫЛ СҮРҮҮ — мүчөлдүн жылдары боюнча кишинин канча жашта экендигин, кайсы жылы туулгандыгын, белгилүү бир окуянын качан болгондугун аныктоо, эсептөө. Жылдар айбанаттардын аты менен аталып, акыркысы бүткөндөн кийин кайра баштан эсептеле берет жана он экиси бир мүчөлдү түзөт. Ж. с. төмөнкү тартипте эсептелет: 1) чычкан, 2) уй, 3) барс, 4) коён, 5) улуу, 6) жылан, 7) жылкы, 8) кой, 9) мечин, 10) тоок, 11) ит, 12) доңуз. Ж. с. түрк элдеринде 6—8-кылымда эле белгилүү болгон. Эпосто Семетей он экиге чыкканда Таласка келип, Бакайга жолугат. Өзүнүн Семетей экендигин билгизбей аны сынап турганда Бакай жылды эсептеп Семетейдин келер жылы быйыл экендигин, аны күтүп жүргөндүгүн айтат:
Жыл эсебин алайын, Эми жылды катка салайын, Ал эле чычкан, ал эле уй, Ал эле жылкы, а да барс Ал эле коён, ал жылан, Ал эле тоок, ал улуу, Ал эле мечин, а да кой, Ал эле доңуз, ал эле ит, Айкөлдөн калган кулунум, Өлбөй жүрсө Семетей Быйыл он экиге толгон кез (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 230).
Ж. с. кыргыздарда байыртадан эле колдонулгандыгын баамдоого болот, к. Мүчөл.
Ы. Кадыров

Examples of translations: ЖЫЛ СҮРҮҮ

Kyrghyz Russian
Алар акчаны келечекте болуп кете турган күтүүсүз кырдаал үчүн эмес, карылык жеткенде иштеп убара тартпастан, бейкут өмүр сүрүү үчүн үзгүлтүксүз мүнөздө топтошот. Они спасают не только для удовлетворения неожиданных условий, которые могли бы развивать один день; они спасают систематически пользоваться доход, не работая больше в старости.

Examples of translations: ЖЫЛ СҮРҮҮ

Kyrghyz English
Алар акчаны келечекте болуп кете турган күтүүсүз кырдаал үчүн эмес, карылык жеткенде иштеп убара тартпастан, бейкут өмүр сүрүү үчүн үзгүлтүксүз мүнөздө топтошот. They are saving not only to meet unexpected conditions which could develop one day; they are saving systematically to enjoy income without working any longer in their old age.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: