Меню
Эл-Сөздүк

дөшү

наковальня;
балкаң темир, дөшүң таш, балдарыңдын баары жаш стих. молот твой железный, наковальня - камень, все дети твои малы.

ДӨШҮ

Усталардын негизги куралы, үстүнө металлды жаткызып таптоого, сомдоого, чыңдоого ылайыкташылып, атайын куюп жасалган моюндуу келген чулу темир. Анын моюну чокчоюп, темирди ийүүгө шартташкан. Кара устакерчиликте чоктонгон темирди барскан менен уруу үчүн дүкөндөрдө көрүк, күжүнүн жанында жайлашат. Ага коюп, ар түрдүү шаймандардын тетиктерине чейин кармоого болот.
      Дөшү көлөмдүү келет. Ал эми зергерчиликте Дөшү ителгинин жемсөөсүндөй сыйда жана чакан болуп, көчкөндө ала жүрүүгө шартташкан. Ага күмүш, жез, мис, коло, калай жана башка буюмдун жердиктерин коюп чабууга оңтойлошот.

дөшү

зат. Үстүнө металлды коюп сомдоо үчүн ылайыкталган чулу темир. Дөшүң калды темирден, Көз ачык өттүң өмүрдөн (Тоголок Молдо).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: